Өзбекстанга «Apple» компаниясы да салык төлөдү

Окуялар тизмеги 12 Май 2020 09:47
0 ой-пикир

«Apple» компаниясы Өзбекстандын казынасына 59,2 миң доллар кошумча нарк салыгын төлөдү. Бул быйылкы жылдын биринчи кварталы үчүн төлөм экенин өлкөнүн Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдан тартып күчүнө кирген Салык кодексине ылайык, Өзбекстанда санарип кызмат көрсөткөн компаниялардан төлөмдөр алынышы керек.

Кошумча нарк салыгын алгачкылардан болуп «Google» компаниясы I кварталдын жыйынтыгында 85 миң евро өлчөмдө төлөгөн. Андан тышкары «Netflix» дагы Өзбекстандын бюджетине 4,3 миң евро кошумча нарк салыгын төлөп берди.

Алгач бул тизмеге 9 компания кирсе, кийинчерээк «Booking.com» кошулган.

Эскерте кетсек, “Гугл салык” деп аталып жүргөн төлөм Россияда 2016-жылдан бери иштеп келет. Интернет тейлөөнүн бардык түрү – тиркеме, оюн, музыка, фильм сатуудан, жарнамадан жана башкадан төлөм алынат. Мындай салык Австралия, Япония, Корея, Жаңы Зеландия жана Евробиримдик өлкөлөрүндө бар.

Кыргызстанда да санарип кызмат көрсөткөн эл аралык компаниялардан салык алуу демилгеси көтөрүлгөн, бирок ишке ашпай келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.