ВИДЕО: Элчи Жекшенкулов мекенине кайтууну каалаган кыргыз жарандары менен жолукту

Окуялар тизмеги 16 Май 2020 16:21
0 ой-пикир

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов мекенге кайтуу маселесин чечип берүү өтүнүчү менен келген кыргызстандыктар менен жолукту.

Жекшенкулов жолугушууда Кыргызстанга алгач эки каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, аялдар жана балдар кете тургандыгын айтып, калган жарандарды кайтаруу боюнча ар кандай варианттар карала тургандыгын кошумчалаган.

«Туура түшүнгүлө, аталган маселе чечилүүдө. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз, президент да жардам бергенге аракет жасоодо. Колдон келген жардамды көрсөтөбүз. Бирок азыр ар бир улут өзүнүн кызыкчылыгын карайт, аны билесиңер. Андан тышкары, Соль-Илецктен барган 55 адамдан коронавирус чыкты, аны да билесиңер, оору жайылып кетпесин деп коркуп жатышат, баарын текшериш керек», — деп Жекшенкулов.

Элчи өз сөзүндө элчиликте кызматкерлер жетишпей жаткандыгын билдирген.

«Биздин кызматкерлер аэропортторго, хостелдерге, COVID-19 менен ооруган мекендештерге тамак-аш жеткирип жүрүп өздөрү да ооруп калышты. Россиядагы 1 миллион кыргызга 25 гана дипломат бар», — дейт элчи Жекшенкулов

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.