“Чоң Казаттын” артында кимдер турат же эмне үчүн байларды тоноого чакырык катуу чыгууда. I бөлүм

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Май 2020 20:58
1 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

«Чоң казат» кыймылы “Ууруларды тонойбуз” деген чакырык менен социалдык тармакта өзгөчө кыргыз тилдүү колдонучулар арасында популярдуу болду. 

Долбоор көп жылдан бери эле бар, бирок “Чон казат” хайпты эми кармады. Коронавирус учурунда эл үйдө отуруп, ар бир тыйынды санап жаткан кезде, коменданттык саат алынгандан кийин дагы бийлик жөнөкөй кыргызстандыктардын жашоосун оорлоткон ар кандай жаңы эрежелерди ойлоп таап жаткан маалда саясий айдыңда кыргыз Робин Гудунун пайда болгону суроо-талап жаратты. Чоң казатчылар жөнөкөй бирок эффективдүү пиар жасашты. Алар аткаминерлердин, мурдагы аткаминерлердин жана депутаттардын тизмесин түзүп, аларды коррупционер деп күнөөлөдү.  Андан соң укук коргоо органдарынан алардын байлыгынын булактарын иликтөөнү талап кылууга гана чакырбастан, алардын хансарайларына барып, элден уурдап алгандарын кайтарып берүүсүн талап кылууга чакырышты.

 «Чоң казатты» ким жетектейт?

“Чоң казаттын” идеологдорунун бири — Максат Мамытканов. Келерки жылдын кышында ал 50 жашка толот. Ачык булактарда башкы чоң казатчы тууралуу маалымат аз. Чекисттик жолду басып өткөндүктөн окшобойбу. 1997-жылдан 2007-жылга чейин Мамытканов органдарда кызмат өтөп, өз убагында керек болсо Улуттук коопсуздук кызматынын экономикалык чалгындоо башкармалыгын да жетектеген, ал башкармалык учурда УКМКнын коррупция жана кызматтык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмү болуп калган. Мамытканов “конторадан” кызматтан кеткен себебин атабай келет, “жетекчилик менен көз карашыбыз келишпей калды”, “мафия менен иштегим келген жок” деп түшүндүрүп келет.

Сүрөттө: Максат Мамытканов

Ал эми аны менен мурунтан бери тааныш болуп келген Сыргак Абдылдаев 2016-жылдын 26-февралында АКИpress маалыматтык агенттигинин “Пикирлер” бөлүмүндө жарыялаган макалада Мамыткановду УКМКдан “түртүп чыгарып” коюшканы айтылат (Абдылдаевдин сөзү). Бирок өтө деле абройго ээ болбогон Абдылдаев ишенимдүү булак эмес. Ошол эле учурда Абдылдаевдин жазганы боюнча Мамытканов кандай чөйрөдө жүргөнүн бир аз аныктоого мүмкүн. Абдылдаев баяндап жаткан маал Мамытканов коллектордук компаниянын дикректору (2007-2010-жылдар) болуп турган учурга туш келет. Апрель окуяларынан кийин Мамытканов аз убакыт «Альфа-Телеком» ЖАКынын коопсуздук боюнча директору болуп иштеген, ал жактан  Consulting Media ЖЧКсынын директорлук креслосуна отурган. Андан соң Мамыткановдун эмгек жолу кандай болгону белгисиз. Былтыртан бери ал ММКларга маек берип, өзүн юрист, экономист, эксперт, саясатчы катары көрсөтүп келет. Бирок “Чоң казаттын” лидери кайсы каражаттарга жашайт, кайдан киреше келет азырынча коомчулукка белгисиз.

“Чоң казаттагы” дагы бир фигура Сыймык Жапыкеев. Ал тууралуу маалыматтар ачык булактарда көп эмес. Бирок дал ошо Сыймык коррупцияга каршы күрөшүүчү, чындык үчүн күйгөн адам катары өзгөчө ыкма менен чыккан башкы адам болуп калууда.

Сүрөттө: Сыймык Жапыкеев

YouTube каналындагы белгилүү блогунда Жапыкеев “кыргыздар уурулардын жүзүн билиши керек” деп айтып, элди чогулуп депутат Кубанычбек Жумалиевдин үйүнө барып, нотариусту кошо ээрчите барып байлыктарын жаздырып, Кытайдагы карыздан кутулууга чакырып жатат.

Жумалиев да күтүп отурбастан Жапыкеевдин үстүнөн ИИМге арыз жазып, аброюн коргоп берүүнү өтүнүп 10 милион сом талап кылды.

Жумалиевге “асылганы” эмнеге мынча резонанстуу болду түшүнүксүз. Себеби буга чейин Исхак Пирматов жана Тайырбек Сарпашев тууралуу да ушундай сөздөр айтылган болчу.

Сүрөттө: Канат Хасанов

“Чоң казаттын” үчүнчү активдүү катышуучусу – бул жактоочу Канат Хасанов. Анын ысымы калкка белгилүү жактоочу катары белгилүү жана ачык булактарда Хасанов тууралуу маалымат көп. Анын ичинде жеке маалыматтар дагы.

Бул аталган үч адамдан сырткары “Чоң казатта” жок дегенде 2 активист бар деген маалыматтар чыгууда – ал буга чейин эч жакта чыкпаган орус улутундагы жаш кыз жана Жаныбек деген врач-хирург.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

“Чоң Казаттын” артында кимдер турат же эмне үчүн байларды тоноого чакырык катуу чыгууда. I бөлүм” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.