Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын 3 судьясын кызматынан бошотту

Окуялар тизмеги 14 Май 2020 17:46
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары Чынара Айдарбекова, Чолпон Осмонова менен Айсалкын Нарынбекованы кызматынан бошотуу маселесин карады.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, депутат Канат Керезбеков аталган үч судьяны кызматынан бошотуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынганын маалымдады.

Жыйынтыгында, Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын 3 судьясын кызматынан бошотту.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.