Өзбекстан Россиядагы эмгек мигранттарына акчалай жардам берет

Окуялар тизмеги 14 Май 2020 19:35
0 ой-пикир

Россиядагы өзбекстандык мигранттарга 14-майдан тарта каржылай жардам көрсөтүлө баштайт. Өзбекстандын Москвадагы элчилиги жана консулдугу аркылуу бир жолку материалдык жардам берилет.

Расмий маалыматтарга караганда, акча мамлекеттик бюджеттен эмес, элчиликтин кайрымдуулук эсебине түшкөн каражаттан алынат.

Жардам майыптарга, эки же андан көп баласы бар аялдарга, кош бойлуу аялдарга, COVID-19 диагнозу коюлган кишилерге, күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге берилет.

Акчалай жардам Россиядагы минималдык эмгек акынын өлчөмүндө болот ( 2020-жылдын 1-январынан тарта -12130 рубль).

Каржылай көмөк алуу үчүн «Мехр» порталына арыз менен кайрылуу керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.