Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылкы отчётун канааттандырарлык деп тапты

Окуялар тизмеги 13 Май 2020 22:06
0 ой-пикир

13-майда, Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды.

Жыйынтыгында азыркы кырдаалды жана айтылган сынды эске алуу менен өкмөттүн иши канааттандырарлык деп табылып, көпчүлүк добуш менен отчет жактырылды. 96 депутат токтомго макул, бешөө каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана 2020-жылдын пландарына токтолду.

Бир катар депутаттар өкмөттүн ишин сындашты. Депутат Мирлан Жеенчороев отчетто айтылгандарга Махатхир менен Ли Куань Ю суктана тургандай болгонун айтса, депутат Каныбек Иманалиев мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн арасында өнүгүү боюнча Кыргызстан акыркы орунда турганын эске салды. Депутат Абдувахап Нурбаев бул бюджетти аткарбаган өкмөт болгонун сынга алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган отузунчу өкмөт ишке 2018-жылы 20-апрелде киришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.