Докладыңызга Малайзия, Сингапурдун премьерлери суктанчудай, — депутат өкмөт башчыга

Окуялар тизмеги 13 Май 2020 17:13
0 ой-пикир

Бүгүн, 13-майда парламенттин жалпы жыйынында кыргыз өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши тууралуу отчету угуулуда.

Талкуу учурунда депутат Мирлан Жээнчороев өкмөттүн отчетуна Сингапурдун мурдагы премьер-министри Ли Куан Ю менен Малайзиянын экс-премьер-министри Махатхир Мохамад суктанчудай болгонун айтып какшыктады.

«Сиздин докладыңыздан кийин Махатхир менен Ли Куан Ю суктана тургандай болуп калыптыр. Кыргызстанга көчүп келебиз деген ой болуп калбайбы деп жатам да», — деди Жээнчороев.

Ошол учурда ага Абылгазиев: «Тилегиңиз кабыл болсун!», — деп жооп берди.

Андан соң депутат 2018-жылдан бери бюджеттин киреше булагына миллиарддаган сумма түшпөй калып жатканын айтып, бул өкмөт башчынын экономикалык саясатынын негизи экенин белгиледи.

Депутат Абдывахап Нурбаев кесиптешин колдоп, өкмөт инвестиция тарта албай, иштеп жаткан ишканаларды колдой албаганы үчүн бюджет аткарылган жок деп эсептей турганын айтты.

Ал эми бул аргументтерге өкмөт башчы «эгемен Кыргызстандын тарыхында бюджетти аткара албаган өкмөт башчы жалгыз эле мен эмесмин» деп жооп берди.

Эске сала кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган отузунчу өкмөт ишке 2018-жылы 20-апрелде киришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.