Бир катар жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Окуялар тизмеги 13 Май 2020 23:04
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:

— Нарын облусунун Нарын райондук сотунун судьясы Мамбеталиев Эркинбек Болотбековичтин, ал жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулду;

— Ош облустук сотунун судьясы Касымалиев Мыктыбек Камчыбековичтин, ал жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулду.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, 2020-жылдын 7-майынан тартып Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Бекбаева Нурия Хусаиновнанын ыйгарым укуктары токтотулду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.