Элчи Отунбаев АКШнын мамкатчысынын жардамчысы менен адам укуктары маселелерин талкуулады

Окуялар тизмеги 12 Май 2020 16:36
0 ой-пикир

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Дестро менен адам укуктары жана акыйкаттык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 11-майында америкалык тараптын демилгеси менен Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев жана АКШнын мамлекеттик катчысынын адам укуктары, демократия жана эмгек боюнча жардамчысы Роберт Дестро телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин келечеги, анын ичинде COVID-19 эпидемиясынын фонунда, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын кызматташтыгынын мүмкүн болгон биргелешкен багыттары талкууланды.

Тараптар Кыргызстандын региондогу демократияны жана адам укуктарын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, ушул багыттар боюнча эки тараптуу тең укуктуу диалогду өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.