17-майда Москвадан Бишкекке учак келиши күтүлүүдө

Окуялар тизмеги 12 Май 2020 08:22
1 ой-пикир

Россия Кыргызстандагы өзүнүн жарандарын алып кетиш үчүн 17-майда 200 орундуу учак жиберет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Элчинин айтымында, кыргыз тарап ошол каттам менен Москвадагы жарандарын алып кетиш үчүн 400 орундуу учак сурап жатат. Жекшенкулов коомдук комиссия түзүлүп, учак менен Москвадан Бишкекке кете тургандардын тизмеси такталарын маалымдады.

«Ал комиссияны диаспоранын өкүлдөрү жетектейт. «Коррупциялык иштер болду» деген ар кандай кеп болбошу үчүн комиссия түзүлдү. Ага штабдын мүчөлөрү да кирет. Орусияда элчиликке жүрөгү, бөйрөгү, ашказаны ооругандар, операцияга келгендер, өсмө оорусу барлар көп кайрылган экен. Булар тизмеге киришин комиссия карайт. Экинчи кош бойлуу аялдар, кичинекей балдары бар аялдар кирет. Ушулар менен эле толуп калат го деп ойлоп жатабыз», — деди Жекшенкулов.

Элчи Россия чоң учак берип калса көптөн бери мейманканада жаткандарды, Оренбург, Соль-Илецк аймагындагы кыргызстандыктарды да алып кетүү аракети болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам ушул күндөрү Россияда жүздөгөн кыргызстандыктар мекенине келе албай турушат. Айрымдары автобус жалдап жолго чыккан, бирок автобуста жүрүүгө уруксат берилбегендиктен, алар орус-казак чек арасына чейин жөө жөнөшкөнүн кабарлашууда.

17-майда Москвадан Бишкекке учак келиши күтүлүүдө” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Жорокулов келдибек

    Саламатсыздарбы 17 май куну учак учат кен ошого кантип кабарлашсак болот орулу адамдарды апкетеби же тазале адамдарды апкетеби бойрок оруп жаттат 2 ай болду жаттам уйдо

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.