Өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин каржылык сокку карапайым калкка гана эмес, орто жана чакан бизнес өкүлдөрүнө да катуу тийди. Өкмөт пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн кандайдыр бир салыктык жеңилдиктерди кароо тууралуу ойлонуп жатканы менен ишкерлердин абалы жакшы эмес. Бирок бул абалда да мүңкүрөп отуруп калбай, өнүгүү жолун издегендер жок эмес.
Elgezit.kg сайтынын бүгүнкү маектеши — Кыргызстандагы бизнес-лидерлердин бири, “Жаш ишкерлер ассоцияциясынын” президенти, Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү кеңешинин жетекчиси, «Тредстоун Кэпитал Партнерс инвестициялык компаниясынын башкы директору кызматтарын ээлеп келген Умбриэль Темиралиев. Ал коронавирус пандемиясынан кийин бизнести эмнелер күтүп турганын, мамлекет орто жана чакан бизнеске кандай жардам бере алары, ата мекендик ишкерлер мындан кандай өнүгүү жолдорун таба алары тууралуу айтып берди.
Пандемия бизнес рыногун кокусунан келген оюнчулардан жана алсыз атаандаштардан тазалайт
— Чакан жана орто бизнес коркунучка кептелип жатканы белгилүү. Бирок ал ийкемдүү деп саналгандыктан артыкчылыктары да жок эмес. Сиз бул тууралуу кандай пикирдесиз? Коронавирус пандемиясынан кийин ата мекендик бизнести эмнелер күтүп турат?
— Келечекте бизди оор күндөр күтүп турганы белгилүү, себеби адамзат вирусту качан жеңип, кадимки жашоого кайтары али белгисиз. Эл аралык валюталык фонд жана ири эл аралык институттар глобалдуу экономика рецессия фазасына кирип бара жатканын айтышууда. Эл аралык валюта фондунун базалык сценарийине ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгында дүйнө 9 триллион доллар жоготушу мүмкүн – бул сумма Япониянын же Германиянын былтыркы ИДПсына барабар. Кыргызстандагы дүйнөнүн бир бөлүгү экенин эске алсак, глобалдык процесстер таасир бербей койбойт.
Кыргызстанга глобалдуу процесстер менен катар эле аймактагы терс факторлор кошумча болду. Тилекке каршы, коронавирус пандемиясы менен катар эле дагы бир фактор – нефтинин баасынын арзандашы бир келди. Россия менен Сауд Аравиясынын каршылашканынын натыйжасында нефтиге болгон баа тарыхтагы эң төмөн чекке жетти, бул рублдун баасын 20 пайызга төмөндөттү. Россия менен Кыргызстандын экономикасынын ортосундагы байланышты эске алсак (ири товар айлануу, күйүүчү майлардын 100% ташылуусу, айыл-чарба жана жеңил өнөр-жай өнүмдөрүн экспорттоо) рублдун кунунун түшүшү артынан сомду кошо ала кетти.
Башкача айтканда, бир чети өзгөчө абалдын айынан биздин компаниялардын активдүүлүгү төмөндөсө, башка жагынан алганда – ишкердик активдүүлүк басаңдаганы сомдун АКШ долларына карата баасынын төмөндөөсү ички суроо-талаптын дагы зайуусуна алып келди.
Абал жакшы эмес. Ишкерлер көптөгөн мекендештердин жашоосу тараза ташында экенин түшүнүшүүдө. Ар биринин үй-бүлөсүндө коркунуч тобуна кирген туугандары бар жана эч ким жакынын жоготкусу келбейт. Ошондуктан көбү кирешеден кур калса дагы чектөө эрежелерин сактап, убактылуу иштебей турганга макул болушууда.
Учурда ишкерлер эки негизги топтон турат деп ойлойм: бул абалдан күтүү менен чыгууга даярлар жана жумушка тез арада чыгуу керек болгондор. Күтө ала турган топ экономикалык төмөндөөнүн акыркы чегине чейин күтөт дагы, өсүү байкалганда, карантинден кийин суроо-талап күчөгөндө иштеп баштайт, убактылуу бош отуруп, стратегиялык пландоо менен алек болот.
Ал эми ишкерлердин башка тобу күнүмдүк кирешеден көз каранды болгондор. Чакан жана орто бизнестин КРнын ИДПсына кошкон салымы 40 пайыздан ашуун, анын 30 пайызы соода менен байланыштуу. Соода менен алек болгондор күнүнө түшкөн каражаттан көз каранды жана үй-бүлөсүн ошол акчага багып келишет. Башкача айтканда, эгерде жумушка чыкса курсагы ток, чыкпаса азык-түлүк жок.
Мындай абалдын негизги себеби – элдин сактап койгон акчасынын жоктугунда. Маянага жашаган көпчүлүк балдардын келечегине же кыйын күндөрдө пайдаланам деп акча сакташпайт, анткени кирешеси аз же бала чактан эле акча чогултууга көнгөн эмес. Сактаган акчасы бар болсо дагы аз эле: бизде акчаны банкта депозитте сактаганга көнүшкөн эмес. Ошондой эле 10-20 жыл алдыга план коюп жашагандар дагы аз. Балким биздин маданият буга бышып жетиле электир. Биз тапкан акчабыздын баарын коротуп көнгөнбүз. Акчаны сактабай, баарын коротуп көнгөн адам иштебей калган күндө деле үй-бүлөсүнүн чыгымдары кыскарбайт, анан албетте кыйын кырдаалга туш болот.
Бирок ар бир кризистин башталышы жана аягы бар. Түбүнө жетмейинче төмөндөө боло берет дагы, түбүнө жеткен соң түртүлүп жогорулай баштайт дагы өсүү башталат. Эл аралык валюта фонду, Standar&Poors, Morgan Stanly, Mckinzey — 2021-жылы өсүш башталат деп күтүшүүдө. Биздин ишкерлер белди бекем бууп, күтүшү гана керек.
— Азыркы абалда ишкерлер эмне кылбашы керек?
— Чыгымдарды кыскартам деп компаниялар баалуу кызматкерлерин жоготуп албашы керек. Кыргызстанда ишкерлердин 2 негизги көйгөйү бар – каржылоонун жетишсиздиги (насыялар, инвестициялар) жана адистердин тартыштыгы. Кесипкөй адистер чет жактарга кетип калышат, Кыргызстанга кандайдыр бир себептер менен байлангандар гана кете албай калышууда. Эгер кимдир бирөө жакшы иштеп, өзүн жакшы көрсөтсө анда ал адамды кармап калуу керек, ал азыркы учурда эч нерсе кылбай отурса дагы кармап калуу зарыл. Маянанын канча бир бөлүгүн болсо дагы төлөп, ал кызматкерди компаниядан кетпөөгө чакыруу.
Капитализмдин чындыгы ушундай, ири кризис болгондо бутуна жакшы тура электер банкрот болуп калат. Кризиске чейин бутуна туруп алган, өнүгүү планы бар ишкерлер кокусунан келип калган оюнчулардан жана алсыз атаандаштардан тазаланган рынокко ээ болушат.
Кыргызстанда ишкерлик 25 жыл мурун пайда болду. Көпчүлүк ишкерлер ишканаларды эффективдүү башкаруу, каржылык жана бизнес план түзүүнү эми гана үйрөнүп жатышат. Карантин потенциалды жогорулатууга убакыт берди.
Орто жана чакан бизнес сектору бул же тигил жакка, суроо-талапка карап багытын өзгөртө алат. Биздин ишкерлер өзүнө гана ишенип, башкалар кооптуу деп санап иштебеген тармактарга дагы иштеп башташат. КР ишкерлери коңшу өлкөлөрдөгүдөй жаратылыш ресурстарына бай эмес жана мыкты иштөө менен гана атаандаштарын жеңип келишет.
Орто жана чакан ишкерлер мобилдүү жана өзүнө тааныш эмес тармакта дагы иштеп, аракет кылып, ишинин багытын өзгөртүүгө даяр. Жада калса пандемия маалында дагы адамдар тамак-аш жешет, кийим кийишет жана кадимки жашоого кайткылары келет. Элге үйдөн чыгууга уруксат берилгенден кийин көбү сатып алуулар менен алек болуп, кызматтардан (дүкөндөр, тамактануучу жайлар, сулуулук жана ден-соолукка кам көрүү кызматтары) колдонгусу келет, суроо талапты кандыруучу сунуштар дагы болот. Эң башкысы күтүү.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кластердик өнүгүү программасы менен катар эле КР Өкмөтү орто жана чакан бизнести колдоого 14 миллиард сом бөлгөнүн билдирди. Эгерде алар каржылоо тууралуу убадасына турушса, анда ишкерлер кризистен гана чыкпастан өнүгүүгө дагы бет алат.
Ар бир кризистен кийин өсүү башталат
— Азыркыга чейин үйлөрүндө отурган ишкерлер эмне кылышы керек? Балким бизнесин өнүктүрүү моделин алдын ала иштеп чыгуусу керектир?
— Механизмдер эффективдүү болбогондуктан бөлүнгөн каражаттар ишкерлерге жетпей калышы да мүмкүн, бул Кыргызстандагы бүгүнкү чындык. 14 миллиард мамлекеттик коммерциялык банктар аркылуу таратылат экен. Бюджеттен каражат алган коммерциялык банктар бюджеттин каражаты менен иштегенден коркушат, себеби алынган ар бир сомду кайтаруу керек жана толтура текшерүүчү органдар келери анык. Мисалы, орто жаа чакан ишкерлерди колдоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү үчүн коммерциялык банктар 14 миллиард сомду алды дейли. Өкмөттүн каржылоону жеңил жана жеткиликтүү кылгыла деген Өкмөттүн талаптарына карабастан күрөө катары кыймылсыз мүлк жана документтерди талап кылышат.
Кризистен жабыркаган ишкерлер банктардан каражат алуу деген жаңы кыйынчылык күтөт. Бирок кыйынчылыктар менен туш келгени менен карабастан ишкерлер укуктарын коргоп, көңүлүн түшүрбөшү керек. Мамлекет каражат бөлгөн соң бул каражаттарды талап кылуу ишкерлердин жоопкерчилигинде. Эгерде бизнесмендерге коммерциялык банктар ар түрдүү себептер менен каражат бербей жатса, анда бул маселени жогорку деңгээлде кароо зарыл. Мисалы, эң эффективдүү аянтча – бул КРнын президентинин алдындагы өнөр-жай жана ишкерликти өнүктүрүү комитети. Бул аянтчада ишкерлер мамлекеттик органдар чечкиси келбеген курч маселелерди көтөрүп келишкен. Тилекке каршы, президент ар бир көйгөйгө көңүл бөлүп, аларды жеринде чечүүгө аргасыз болгон.
Ошондуктан эгерде мамлекет берилген убадасына турбаса, тынымсыз текшерүүлөр болуп, улам-улам отчет талап кыла берсе, анда ишкерлер ЖИА же Соода өнөр жай палатасы сыяктуу ири бизнес ассоциацияларга кайрылуусу керек. Бул ассоциациялар мамлекет менен диалог түзө алышат, алардын ичинен учурда эң эффективдүүсү Өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүү комитети. Бизнес-ассоциациялар жана ишкерлер өлкөнүн биринчи кишисине эркин жолуга алышат, суроолорду бере алышат, көйгөйлөрү менен бөлүшүп аларды чечүү жолун суранышат. Президент комитеттин акыркы жыйынында ишкерлерди текшерүү системасына көрүнүктүү өзгөрүүлөрдү киргизип, уруксат берүү документтерин жеңилдетүү маселелерин көтөрдү.
— Орто жана чакан ишкерлер бул абалдан чыгуу үчүн биринчи кезекте эмне кылуусу керек, кандай сапаттарга ээ болуусу зарыл? Убакытты кантип туура пайдаланса болот жана эмнеге даяр болуулары абзел?
— Биринчиден, коркпошу керек. Бул кризис жөн гана кризис, акыр заман эмес. Ар бир кризистин бүтө турчу учуру бар жана андан кийин өсүш башталат. Биз үйдө убакытты пайдалуу өткөрүп, 2021-жылдагы өсүшкө даярданышыбыз керек. Бул өсүштүн 2 негизи болот, алар: ишкер ишене алчу баалуу кадрлар жана компаниянын эффективдүү башкаруу системасы.
Башкаруу системасы өзүнө адамдарды башкарууну, сапаттуулукту, операциялык процесстерди, CRM жана ERP системаларын камтыйт. Учурда айрым гана компаниялар кызматкерлерин алыстан башкара алат, себеби вирус күтүүсүздөн келди. Бул багытта бизнес-ассоциациялар аралыктан башкаруу системасын киргизген компаниялар тажрыйбасы менен бөлүшчү мыкты платформа болуп берет.
Тилекке каршы, биздин ишкерлердин 90 пайызы колу менен иштейт, башкача айтканда, эгерде ишкер жумушка чыкса, компания иштейт. Эгер ал ооруп калса же эс алууга кетсе баары туруп калат. Ошондуктан китептерде жазылбаган системалуулук маанилүү жана абдан зарыл. Ар бир ишкер аны өз тажрыйбасынан улам үйрөнүүдө. Бизнес-ассоциациялардын ролу ийгилик жарата алган башка компаниялардын тажрыйбалары менен бөлүшүү. Бул багытта ЖИА бизнес-ассоциациясы Zoom аркылуу көптөгөн мастер-класстарды өткөрдү, ал жакта ар бир сессияга орточо эсеп менен алганда 100 ишкер катышып жатты.
Экинчиден, эгер мамлекет убада берсе, анда аны талап кылуу керек. Сүйлөшүү жолу менен, бизнес-ассоциациялар аркылуу талап кылуу максаттуу.
Мамлекет үчүн башкы сабак – антикризистик борборлор болушу шарт
— Мамлекет өзүнө кандай сабак алышы керек?
— Мамлекет кризис болуп калса ага даяр туруу үчүн антикризистик фонд болушу керек деген сабакты алышы керек.
Бул фонддорду каалагандай атаса болот: антикризистик, көз карандысыз, инфраструктуралык, тарсттык. Эң башкысы оор учурлар келгенде экономикага ликвиддүүлүк бериши керек.
Мындай резервдик фонддор Россиядагыдай же жакынкы чыгыштагы өлкөлөрдөй нефтегаз жана алтын компанияларынын эле каражаттарынан түзүлбөйт. Дүйнөдө эч кандай жаратылыш байлыктары жок болгону менен ири көз карандысыз фонддорду түзгөн мамлекеттер бар. Мисалы, Малайзия 1990-жылдын башында Khazanah Nasional Berhard фондунун уставдык капиталына 40-50 миллион доллар болгон, анын көп бөлүгү акчалай эмес, мамлекеттин активдеринен турган.
Мамлекет Khazanah менеджментине фондду өнүктүрүүнү тапшырып: “Мына силерге активдер, саясий колдоо – каражатты көбөйткүлө” деген. Мыкты башкаруу аркылуу фонддун акчасы 40-50 миллион доллардан 42 миллиард долларга өстү. Khazanah Nasional Berhard көз карандысыз фонду Малайзияга батпай, чет жактан компанияларды жана инфраструктуралык имараттарды сатып ала баштаган.
Кыргызстанда өзүнүн көз карандысыз фонду болушу керек, ал ар түрдүү кризистерден сактоочу болуп, чакан жана орто бизнести узак мөөнөткө күрөөсүз каржылап турат, инфраструктуралык долбоорлорду каржылайт. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду учурдун талабына толугу менен жооп бербей келет, себеби Россия тарап кыргыз тараптын демилгелерин айрым учурларда гана колдойт.
Мындай фондду түзүү үчүн мамлекет жактан каржылоо болушу шарт. Фондго каражат тартуунун маанилүү аспектиси башкаруу системасынын эффективдүүлүгү, документтердин туура иштелип чыгышы, тажрыйбалуу команда жана эл аралык банктар сыяктуу өнөктөштөрдүн ишеними.
Көз карандысыздыкты алгандан бери биз грант жана эл аралык жардам катары келген 8 миллиард долларды “жеп” койгонубуз, бул каражаттардын 1 пайызын дагы өлкөнү өнүктүрүүчү финансылык институтка бөлбөгөнүбүз таң калтырат.
КР президентинин Сауд Аравиясынын жетекчилиги менен биргелешкен инфраструктуралык өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү үмүт берип жатат. Бизге 2 негизги багыттар үчүн платформа керек:
1. Шаарлардын инфраструктурасын жаңыртууну каржылоо;
2. Ишкерлерди каржылоо.
Мындай фонд КРнын кепилдиги жок өсө албайт. Биз эми тыштан карыз ала албайбыз. Биз кыйын учурлар келгенде экономиканы каржылай алчу платформа түзүшүбүз керек.
— Ишкерлерге кандай китептерди окууну сунуштайт элеңиз?
—Ишкерлер телефонду чукулаганды токтотуш керек. Биздин ишкерлер китеп окууну адатка айланта элек. Адабий китептерди эмес, каржылык билим, маркетинг, сатуу тууралуу ж.б. китептерди окуш керек. Мен ар кандай коучтар же кеңешчилер эмес, ишкерлер жазган китептерди окууну сунуштайм. Окуусуз эч кандай өсүш болбойт. Башкы директор окубаса кызматкерлери деле китепке көп кызыкпайт го деген ойдомун.
Маектешкен Санжар ЭРКИНДИКОВ.