ЖК депутаты Аалы Карашев коронавирус, “пайгамбарлар” жана улуттун уюткусу тууралуу

Аналитика, Интервью, Окуялар тизмеги, Экономика 01 Май 2020 08:47
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев менен маек:

— Аалы Азимович, азыр элди карантин бүтүп, өлкө кадимки жашоого качан кайтып келет деген суроо түйшөлтүүдө. Сиздин пикириңиз кандай?

— Алдын ала бир нерсе айтуу кыйын. Бардыгы өлкөдө жана дүйнөдө эпидемиянын жайылышынан көз каранды. Өкмөттүн алдында экономиканы сактоо же элдин аманчылыгын сактоо жолун тандоо турат. Учурда экинчи жолго басым жасалууда, бирок экономиканы такыр эле карабай коюуга да болбойт, себеби миллиондогон жарандардын жашоосу экономикадан көз каранды. Өлкөдө вирустук инфекциянын жайылуусуна каршы Өкмоттүк штаб иштеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги иштөөдө. Алар бардык аспекттерди эске алып жатат деп ишенем жана алар өзгөчө абалды качан “жеңилдетүүгө” болорун жана карантинди качан токтотсо болорун бизден жакшыраак билет.

Азыр бул абалдан чыгууга даярдануу маанилүү болуп турат. Балким муну этап менен ишке ашыруу керектир. Ишкерлик субъекттерине жеңилдик берүү менен. Карантинге кирүү бир иш, ал эми андан чыгуу оңой-олтоң иш эмес. Көптөгөн социалдык, экономикалык, ишкерлик байланыштар үзүлдү. Калыбына келтирүүгө убакыт талап кылынат. Жакынкы жылдары колдонууларды кыскартуу күтүлүүдө. Апрелдин аягында же майдын башында жарандардын экономикалык активдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча айрым кадамдар сунушталат.

— Пандемия аяктагандан кийин коомчулук түп-тамырынан бери өзгөрөт жаңы түзүлүш болот деген “пайгамбарлар” пайда болду. Дүйнө коронавирус эпидемиясына чейинкидей, мурункудай болбойт дегендер чыкты. Адамдар канчалык өзгөрөт деп ойлойсуз, эл эмнени күтсө болот? Чындап эле баарыбызга чип салынып, толук көзөмөлгө алынабызбы?

— Оор кырдаалдарда дайыма көзү ачыктар пайда болуп, дүйнөнүн келечегин боолгоп башташат. Мындай “пайгамбарлар” көпчүлүк учурда апааттар, кереметтер болот деп айтышканы менен көп учурда ал нерселер болбой келет.

Бир нерсеге көңүл бурсаңыз, алар пандемиядан кийин кандай өзгөрүүлөр болорун эч кимиси так айтпай келет. Мындан сырткары, чиптерди коюу менен адамдарды катуу көзөмөлгө алып башташат деген айтымчылар, аналитиктер жана эксперттер эч нерсе айта алышпайт. Өзгөрүүлөр болот деп ойлойм, бирок “Дүйнө эч качан мурункудай болбойт!” дегенчелик эмес. Улуттук моделге ыктаган глобализация болушу мүмкүн. Социалдык багытты башкарууда социалисттик өсүштү күтсөк болот деп ойлойм. Финансылык рыноктордун иштөө принциптери өзгөрүүлөргө дуушар болот. Жаңы дүйнөлүк тартиптерди көрбөйбүз, экономикалык жана социалдык системалардын ишинде өзгөрүүлөрдү күтсөк болот.

Карантин режими алынып, өлкө кадимки жашоого кайтканда бул сөздөрдүн баары унутулат жана жаңы пайда болгон “пайгамбарларды” эч ким деле эске албай калат.

Бул сыноо Кыргызстанга кандай таасир берет? Биз үчүн коронавирустун кесепеттеринин таасири дүйнөдөгү абалдан башкача болуп, айырмачылык болобу?

— Сценарий, окшош эле болот окшойт. Пандемияга каршы чаралар дүйнө жүзү боюнча окшош схема менен жүргүзүлүп жатпайбы. Айырма кимдир бирөөлөрдүн экономикасы бекем, башкаларыныкы алсыз болгонунда гана. Бирок экономикага зыянын тийгизип, дүйнө рецессияга дуушар болду.

Мындай шартта Кыргызстанга кесепети тийет. Биринчиден, биз Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсүбүз, экинчиден, Кытайдан, Түркиядан, БАЭден келген импорттон көз карандыбыз, үчүнчүдөн, ата мекендик ИДПнын бир бөлүгүн мигранттардын которгон акча каражаттары түзөт. Ошондуктан Кыргызстандын экономикалык өсүшү биз жыл башында күткөндөй болбойт. Демек, кошумча колдоо болушу шарт, товарларды ташууда чек аралар ачык болушу керек, бул өз кезегинде өнөктөш мамлекеттердин макулдашкан аракеттерин талап кылат.

Мындай шартта соода жана кызмат көрсөтүү тармактары аярлуу катмарга кирет, бул тармактарда 1 миллиондон ашуун жарандар иштейт. Көпчүлүк сатып алууларды кыскартып, өтө зарыл болгон гана товарларды сатып ала баштайт, бул өлкөдө бизнестин өнүгүүсүнө таасир берет. Экономиканы колдоо үчүн биз болгон ресурстарыбыздын баарын мобилдештирүүбүз керек. Өлкө акырындык менен кадимки жашоого кайтат, бирок кризиске чейинки экономикага кайтуу үчүн убакыт талап кылынат. 

Карантин алынып, өзгөчө абал токтотулгандан кийин балким өзгөчө кырдаал бир канча убакытка чейин сакталышы мүмкүн. Бул экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирип, өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

— Дүйнө кандай өзгөрүүлөргө дуушар болорун азырынча билбейбиз. Биз учурда эмне кылышыбыз керек? Өкмөт кандай иштерди аткаруусу зарыл? Өзгөчө абалды киргизүү оңой, бирок кадимки жашоого кайтуу алда канча татаал эмеспи. Ишкерлик активдүүлүктү калыбына келтирүү, чакан жана орто бизнести кайра жандандыруу керек дегендей. Эл эмне кылышы керек? Өкмөттүн чечимдерин күтүшү керекпи же өз алдынча дагы иш аракеттерди көрүүсү зарылбы?

— Коомчулук жана Өкмөт биргелешип иш алпарышы керек . Жалгыз аракеттенүү татаал болот. Окшош жана ырааттуу аракеттер болушу шарт. Өкмөт жеке сектордун, ишкерлердин, өзгөчө чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин муктаждыктарын түшүнүүсү абзел. Ошондо гана Өкмөт элден алыс деген сөздөр болбойт. Аткаруу бийлигинин жетекчилери муну жакшы түшүнүшөт. Өкмөттүн  иш аракеттери эки  багытта бааланат: калктын жашоо-шарты менен экономикалык кызыкчылыктары жана коомдук коопсуздукта коркунучтардын жаралбастыгы.

Өкмөт элди өзгөчө абалды узартуу маселеси эмес, үй-бүлөмдү кантип багам деген суроо көп тынчсыздандырарын түшүнүүсү керек. Эгерде балдары ачка болбой, көзүн жалдыратып тамак сурабай, эртең иштей турчу жумушу бар экени белгилүү болсо эл өзгөчө абалды туура кабыл алып, күтө берет. Мен жарандарды бул убакытты туура пайдаланып, өзүн өнүктүрүүгө, өз ишин баштоого аракеттерди көрүүгө, мурдагы ишкерлик тажрыйбасына анализ жүргүзүүгө, ийгиликтерин жана жетишкендиктерин баалоого чакырат элем. Балдарга жакын болуу керек. Азыр аларга да кыйын болуп турат. Бирок мунун баары Өкмөт муктаж болгондорду керектүү товарлар жана азык-түлүктөр менен камсыз кылганда гана ишке ашары белгилүү.

Өкмөткө бекинип албай, бизнес менен диалог жүргүзүп, аларды колдоо чараларын талкуулоого чакырат элем. Бизнес деле пандемия Өкмөттүн күнөөсү эмес экенин, бюджет түз финансылык жардам көрсөтө албастыгын түшүнүп жатат. Бирок учурда Өкмөт бизнес менен байланышта болуу жагынан аксап келет. Бизнес карантин аяктагандан кийин оюндун эрежелери кандай болорун, алар колдоо алышабы же жокпу түшүнбөй турган маалы. Экономика эмне болот, чек ара жана экспорт жагы кандай абалга туш болот? Өкмөт бул суроолорго жооп бериши керек. Ошондо гана бизнес Өкмөт менен биргеликте иш алпарат, андай болбосо өз алдынча чечим чыгарышат.

Жетекчиликке ишенип, чыдап жатканы үчүн элибизге ыраазычылык билдирип кетким келет. Биримдик жана оптимизм – бизге чоң жардам берет!

— Эгерде сизге өлкөнү азыркы абалдан алып чыгуу сунушу түшсө кандай план иштеп чыгат элеңиз? Бул планда сөзсүз боло турчу пункттар кайсылар болмок? Бир нече негизги аракеттериңизди санап берсеңиз.

— Алгач ишкерлердин ишин жандандыруу этаптарын алардын кандай иш менен алек болоруна карап белгилеп алуу зарыл. Элге зарыл болгон товарлардын жана кызматтардын тизмесин билип, кайсы иште байланыш аз болорун аныктоо керек. Бул этаптарды карантин аяктаганга чейин аныктап алуу керек. Бизнес белгилүүлүктү жактырат, себеби келишим түзүү, сатуу, насыя маселелери бар дегендей. Экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү планын (этаптарын жана мөөнөттөрүн) тезинен жарыялаш керек. Эл жашоосун жана жумушун пландап алуусу керек.  Тилекке каршы биз азыр алдын алып иштебей элебиз. Жарандар жөн гана сөз жана куру убадаларды эмес, конкреттүү аракеттерди, нормативдик чечимдерди күтүп жатышат.

Экинчиси. Экономиканын аярлуу тармактарын: соода, кызмат көрсөтүү жана курулуш тармактарына колдоо көрсөтүү зарыл. Өнүмдү кайра иштетүү, өндүрүш тармагына өзгөчө басым жасоо керек. Чакан жана орто бизнестеги бул категорияларына 2020-жылдын акырына чейин салыктык каникул берүү зарыл.

Салык каникулдары – бул бюджеттин чыгымдары эмес. Мамлекет иштебеген бизнестен ансыз деле салык чогулта албайт, бирок салыктарга каникул бербесе, анда бизнести жок кылат же калыбына келүү мөөнөтүн белгисиз мөөнөткө жылдырат.

Үчүнчү. Салыктарды эсептөөнүн бирдиктүү принциби болушу керек. Салык кызматы жазалоочу органдан кызмат көрсөтүүчү кызматка айлануусу керек. Албетте, бизнес эч качан салык төлөгүсү келбейт, бирок салыктар кандай салынып жатканын, эсепти кандай жүргүзүү керектигин билген кезде маселени көмүскөдө эмес, салык төлөп чечүү алда канча жеңил экенин түшүнөт.

Төртүнчү. Социалдык фонддун тарифтерин эсептөө маселесин түп орду менен өзгөртүү керек. Биринчи этапта кайрадан түзүлгөн жумуш ордуна салык төлөөнү жоюу керек. Биз бюджеттен маяна төлөй албаган соң бизнес жарандарга жумуш берүүсүнө кызыкдар болушубуз керек.

Бешинчи. Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга насыяларга 3 айга каникул берүү боюнча иш жүргүзүлдү. Бирок биз 2020-жылдын ичинде компаниялар кризиске чейинки деңгээлге чыга албай туранын түшүнүшүбүз керек, демек ишкерлер насыяларды төлөй албай калышат. Бул багытта өлкө коммерциялык банктарга кепилдик берип, өзгөчө өндүрүш жана кайра иштетүү тармагына алынган насыяларды реструктуризациялоого жетишүүсү керек. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун, Улуттук банктын резервдерин, сырттан келген жардамдарбы ж.б. кошуп бардык булактарды иштетүүсү керек.

Алтынчы. Насыяларды реструктуризациялоо менен катар эле экономиканы каржылоо боюнча жеңилдиктерди берүү булактарын сунушташы керек. Ресурстар улуттук банктын эсеп ставкасынан жогору болбошу керек.

Жетинчи. Кризис маалында мамлекеттик органдар тарабынан бюрократияларга жол бербөө зарыл. 2020-жылдын аягына чейин бизнес ачуу үчүн жана жер мыйзамына байланышпаган ишкерлик жүргүзүүгө уруксат кагаздарын, лицензияларды, каттоолорду жана башка макулдашуучу кагаздардын санын азайтуу керек. Бул бизнеске каражаттарды үнөмдөөгө, мамлекеттик аткаминерлердин чөнтөгүнө кетип жаткан коррупциялык акчаларга бөгөт коет.

Сегизинчи. Жалпылап айтканда, ишкерликти колдоо саясатын туура жүргүзүү зарыл, ал экономиканын маанилүү секторлорунун комплекстүү өнүгүүсүн, лицензия берүү маселелерин, салыктарды, менчикке болгон укуктарды, бизнес өкүлдөрүнө карата сот практикасын камтышы керек. Ошондо гана ата мекендик ишкерлик корголуп, атаандаштыкка туруштук бере алат.

— Бул жыл экономикалык жактан оор болору түшүнүктүү болду. Мамлекетти кайдан каражат табуу керек деген суроо ойлондурууда. Сиз кайсы булактарды көрүп жатасыз?

— Өкмөт апрелдин башында бюджетке 28ден 32 миллиард сомго чейин каражат түшпөй калышы мүмкүн экенин айткан. Бул сан дагы көбөйүшү ыктымал. Бизнеске салыктарды жеңилдетүү аркылуу колдоо көрсөтүлсө, анда сырттан жардам албай коюуга болбойт.

Өкмөттүн алдында турган алгачкы иш антикиризстик бюджетти түзүү. 2020-жылга карата экинчи орунда турган чыгымдардын баарын кыскартып, ички каражаттардын эсебинен социалдык милдеттемелердин баарын жабуу керек. Ал эми сырттан келген жардамды экономикалык активдүүлүктү колдоого жумшоо кажет, ошондо эффективдүүлүк жогору болот. Сырткы булактарды издөө иштери башталды. Кыргызстан ар кандай эл аралык жана чет жактагы каржылык уюмдарга кайрылды. Эл аралык валюта фонду 120 миллион доллар өлчөмүндөгү биринчи траншты бөлдү. Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы ж.б. ири каржы институттары жардам көрсөтө башташты.

Учурдагы каржылык тартыштыктын жакшы натыйжалары болот дегенге негиз бар. Мисалы, 26-мартта “Чоң жыйырма” өлкөлөрү (G20) видеоконференция аркылуу саммит өткөрүштү. Анда тараптар коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн дүйнөлүк экономикага 5 триллион доллар салуу тууралуу сүйлөшүштү.

Аны менен катар эле G20 аярлуу өлкөлөргө 200 миллиард доллардан ашуун каражат бөлүү тууралуу сүйлөшүштү. Ал үчүн Дүйнөлүк банкты жана башка эл аралык каржы институттарын долбоор иштеп чыгууга чакырышты.

Кыргызстан жардам берилүүчү өлкөлөрдү катарына кирүүсү керек. Кеп каражат берүүдө гана эмес, мурда алынган насыяларды кечүү тууралуу да болууда.

“Чоң жыйырма” 15-апрелде COVID-19 пандемиясынын дүйнөлүк экономикага таасири уланбашы үчүн бардык чараларды көрүшөрү тууралуу билдирүү жасашты. Коронавирус шартында экономиканы колдоо планы жактырылды.

Биздин өлкө абалдан пайдаланып донорлорго жана ири эл аралык каржы уюмдарына карыздарды кечүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу тууралуу кайрылса эмнеге болбосун? 2020-жылы эле Кыргыз Республикасы мамлекеттик карыздарды төлөөгө 28,8 миллиард сом жумшамак, бул болсо бюджеттин чыгымдарынын 16,8 пайызын түзөт жана жыл сайын бул сумма көбөйүп турат.

Украина 2020-жылдын март айынын аягында эл аралык өнөктөштөрү менен коронавирус пандемиясына байланыштуу сырткы карыздарды реструктуризациялоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштаган. Беларусь республикасы дагы ушул механизмдерди карап жатат. Кыргызстан мындай иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу билдире элек.

Азыркы шартта көптөгөн өнөктөштөрүбүз реструктуризация жүргүзүүгө макул болушу ыктымал. Сүйлөшүүлөрдү Кытайдан баштоо зарыл, себеби өлкөнүн сырткы карызынын 46,4 пайызы же 1,8 миллиард доллары Кытайга тиешелүү. Көп тармактуу каржы институттарына 40 пайызы же 1,5 миллиард доллар туура келет. Бул жерде сүйлөшүүлөрдү Дүйнөлүк банктан ($650 миллион) жана Азия өнүктүрүү банкынан ($557 миллион) баштоо керек.

2020-жылы Дүйнөлүк банк өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавирустун жайылышына каршы аракеттенүү жана экономиканы калыбына келтирүү үчүн 160 миллиард доллар өлчөмүндө узак мөөнөттүк каржылык жардам көрсөтөт.

— Тиешелүү деңгээлде колдонулбай жаткан ички булактар барбы?

— Албетте, мындай мүмкүнчүлүк дайыма бар. Биздин башкы байлыгыбыз – жаратылыш кендерибиз. Алтын тармагы өзгөчө мааниге ээ. Бул жерде ойлоно турчу нерселер бар. Өкмөттүн маалыматына ылайык,  2019-жылы 26 тонна алтын өндүрүлгөн. 2019-жылдын биринчи жарымында алтынга болгон орточо баа -унциясы 1280$, экини жарымында 1500$ болгон. Азыркы баа менен алсак, 1,3 миллиард доллардан ашуун.

Кыргызстан жаратылыш ресурстарынын ээси катары кандай дивиденддерди алышы керек жана ал каражаттардын канчасын алды?

Алтындын баасы жогорулаганда алтын кенин казуучу компаниялардын кирешеси дагы өсүүдө. Мисалы, алтындын баасы учурда 1735$, бул рентабелдүүлүк деңгээлинен 35 пайызга жогору. Кризис шартында мамлекет кен казуучу компаниялар үчүн жогорку рентабелдүүлүк деңгээлин коюп, баа 1400$ жогору болгон учурда 20 пайыз өлчөмүндө кошумча салык алса болот. Азыр баа 1735$ болуп жаткандыктан бул бюджетке кошумча ондогон миллион долларды алып келет жана аны экономиканы өнүктүрүүгө же ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшасак болот.

Дүйнөдөгү абалдын форс-мажордук мүнөзүн, пандемиянын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирлерин, негатив факторлор биздин улуттук коопсуздукка олуттуу таасирлерди берип жаткандыгын  эске алуу менен балким алтынга өзүнчө салык киргизүү мезгили келди – кирешеге же казылган көлөмгө жараша салык. Кыргызстанда иштеп жаткан бардык тоо-кен компаниялары үчүн мындай салык түрүн киргизиш керек.

Экинчи маселе. Парадоксалдык абал болуп турат. Көрсө, Кыргызстан 30 миллион доллар өлчөмүндөгү эң ири дивидендди 2011-жылы Centerra Gold Inc. Компаниясынан алган экен.

Кийин дивиденддердин көлөмү азайып баштаган. 2012-жылы 5,8 миллион доллар, 2013-жылы – 11,9 миллион доллар, 2014-жылы 11,1 миллион доллар жана 2015-жылы 7 миллион доллар.

Кийин 4 жыл ичинде 2016-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстанга дивиденддер такыр төлөнгөн эмес.

“Кыргызалтын” ААКсынын маалыматына ылайык, 2019-жылы биздин өлкө дивиденд катары болгону 2 миллион доллар алган. Акциялардын 28,8 пайызына ээ болгон ири акционер катары Кыргызстанга жасалган мындай мамиле түшүнүксүз.

Алтынга болгон баа жогорулады. Алтын казуу да көбөйүп жатат. Биздин дивиденддер же төлөнбөй жатат же кыскартылууда.

Компаниянын директорлор кеңешинде отурган биздин өкүлдөрдүн ролу кандай? Алардын активдүү позициясы кайда? Алар жыйынтыктан көз каранды болбогон белгилүү маянаны алышат. Менимче, Кыргызстандан директорлор кеңешине кирген мүчөлөрдү акционерлерге төлөнгөн дивиденддердин суммасына байлап коюу керек. Кыргызстан дивиденд алабы, алар да тиешелүү маянасын алышат, дивиденд жокпу, айлык акы дагы жок дегендей. Ошондо иш жүрүшөт.

Эми башка резервдер тууралуу. Алар ЕАЭБдин алкагында бар десем болот. Жеңилдик ала албасак дагы башка мүчөлөр менен бирдей артыкчылыктарды алышыбыз керек. Азырынча Кыргызстан биримдикке киргенден көп деле пайда таба элек. Жана бул маселе көпчүлүктү ойлондура бербейт. Эмнеге ЕАЭБдеги өлкөлөрдү өнүктүрүү институту иштебейт, эл аралык өндүрүш кооперацияларына долбоорлор киргизилбей жатат ж.б.

Кийинки булак — байлыкка болгон салык болушу толук мүмкүн. Бардык өлкөлөрдүн Өкмөттөрү олигархтарды мамлекеттин экономикасын колдоого катышууга чакырышууда. Россияда каражаттарды оффшорго алып чыгууга, коммерциялык банктарда 1 миллион рублдан ашуун каражатты депозитке салгандарга салык киргизишти. Акча дайыма иштеп турушу керек. Эгерде тиешелүү чечим кабыл алынса, анда чогултулган каражаттын максаттуу пайдаланышын аныктап койсо болот.

Эгерде Өкмөт активдүү болсо, иш оңунан чыгат. Каалоо жана эптүүлүк болсо акчаны тапса болот.

— Аалы Азимович, азыркы абалдан кандай сабак алсак болот? Өлкөнү башкаруу системасында эмнени өзгөртүү керек экен?

— Көп эле сабак алсак болот. Жада калса, менде бул абалдан алган бир нече сабактардын тизмеси бар.

Биринчи сабак. Пандемия болушу мүмкүн экени тууралуу жыл башында эле белгилүү болгон. Алдын ала тиешелүү чараларды көрүү керек эле. Биз “уктап” калып, алдын ала албай, даяр болбой калдык. Врачтарыбызды тиешелүү кийим кече коргонуучу каражаттар менен камсыздай албадык, эми болсо эмне себептен көп медиктер коронавирус жуктуруп атышат деп таң калып отурабыз. Күнөөлүүлөрдү издеп жатабыз.

Экинчи сабак. Антикризистик чаралар пакети пандемия учурунда эмес, ага чейин эле иштелип чыгышы керек болчу. Эми коронавирустун кайрадан экинчи толкуну болушу мүмкүн экенине даяр болуп №2-пакетти даярдообуз кажет.

Үчүнчү сабак. Кризис жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген түшүнүк бар. Мисалы, Россияда санкциялар кирген учурда ушундай болду, бул импорттун ордун баскан улуттук өндүрүштүн көп тармагын жандандырууга, өнүктүрүүгө шарт түздү. Ал эми Кыргызстанга келе турган болсок, болуп жаткан окуяларды улуттук экономика үчүн коркунуч катары карап, өзгөчө кырдаалдар болгон учурда нормалдуу жашоону камсыз кыла турган стратегияларды, пландарды, механизмдерди иштеп чыгуубуз керек. Мисалы, азык-түлүк коопсуздугу фонду бар. Коронавирус эпидемиясы сыяктуу күтүлбөгөн абалдар үчүн тиешелүү чаралар пакети иштелип чыгуусу керек.

Кризистик мүмкүнчүлүктөрдү эртеңкиге жылдырбай, дароо азыр пайдалануу керек. Биз реакция кылууда жана ички ресурстарды пайдаланууда тез, ыкчам иш алып баруубуз зарыл.

Бул жерден төртүнчү сабак келип чыгат. Келечекке сценарий түзө билген аналитикалык борборлор керек. Анда биз бардык нерсени алдын ала билгидей биринчи кезекте аткарыла турчу чаралар иштелип чыгышы керек.

Бешинчи сабак. Өлкөдө экономикалык процесстерди башкарууну өзгөртүү керек. Кыска аралыкта кайсы долбоорлорду ишке ашыруу керек жана узак мөөнөттө кайсы долбоорлор иштеп башташы керектигин так даана билишибиз шарт. Мисал келтирейин. 5 жылдан кийин Кыргызстанда экономиканын өсүүсүн камсыз кылуучу электр энергиясынын кубаттуулугу жок болот. Бул стратегиялык мүнөздөгү маселе, бирок азыр бул тууралуу эч ким ойлонгон жок.

Алтынчы сабак. Башкаруучу катары чечим чыгарган адамдарды даярдоодон өткөрүү керек. Кабыл алынган чечимдердин сапаты жана ыкчамдыгы алардын кесипкөйлүгүнөн көз каранды.

— Маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.