Бекболот Алиев: Чакан, орто ишканаларга салыктардан жана ресурстар жагынан жеңилдиктер берилет

Интервью 30 Апр 2020 09:26
0 ой-пикир

Карантин же кризис аяктагандан кийин экономикада кандай өзгөрүүлөр болот? Айрыкча буга чейин чакан, орто, ири ишкерлик жаатында эмгектенип, жумушчу орундарын түзүп келген экономиканын кыймылдаткыч күчү болгон катмарга өкмөт кандайча, эмне менен жардам бере алат? Биз ушундай суроолор менен КР Экономика министринин орунбасары Бекболот Алиевге кайрылдык.

Бекболот мырза, карантин аяктаарына аз калды. Кадимки жашоо башталган соң  чакан, орто, чоң бизнесте ишкерлик менен алектенген жарандарыбызды эмне күтүп жатат? Элибиз бир айдан ашык үйгө отуруп калды, эми алар кайрадан жанданып иштей башташы үчүн өкмөт кандай жолдорду сунуш кыла алат?

— Алгач кандайдыр бир кадамдарды жасоо үчүн адегенде бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугуштук. Бардыгын жакшы түшүнүп турабыз, карантинден бир-эки айдай мурда эле чек араларда чектөөлөр болду. Эң башкысы логистикалык чынжырчалар үзүлүп калды. Алардын бардыгын кайра калыбына келтирүү үчүн айлантууга, өндүрүшкө сала турган каражат, ресурс керек. Бирок ресурстарды кантип таап берсек болот?

Бул үчүн жеңилдетилген кредиттерди алуунун жолун ачып берүү зарыл. Экинчиден, ошондой ресурстарды мамлекет ала турган салыктардан бошотуу аркылуу берсек болот. Ишканалар иштебей токтоп турганда салыктан бошотуу, бул эле эмес карантин аяктап ишке киргенден кийин дагы 2 — 3 ай аралыгында салыктан бошотуу жолдорун караштырып жатабыз. Бул кадамдар чакан жана орто ишкерлерди колдоо үчүн жасалат. Буларга базарда иштегендер, патент менен иштегендер, кичи ишканалар, айталы, беш-ондон жумушчу орундары барлар кирет. Азыр адегенде 2 — 3 айга салыктан бошотуу тууралуу маселе коюлуп жатат. Балким андан кийин жылдын аягына чейин аларды колдоо кадамдары дагы жасалышы мүмкүн. Мындай кадамдарга баруудагы негизги максат — экономиканы калыбына келтирүү жана биздин жарандарыбыздын иш менен камсыз болуусуна жетишүү.

Жок дегенде карантинге чейинки деңгээлди калыбына келтирүү керек да? Буга кантип жетишсе болот?

Чындыгын айтуу керек, карантинге чейинки деңгээлге бир эле маалда чыгып кетебиз дегенден алысмын. Ал деңгээлге акырындык менен чыгабыз. Бирок мамлекет тарабынан бериле турган жардамдардын айрымдарын биз ошондой шартка байлайбыз. Мисалы, бир ишкананы салыктан үч айга бошотуу, бул демек, салыкка төгө турган каражатты айлантууга салып ишти жандандырып алууга жол ачат. Мындан тышкары мамлекеттик имаратта ижарада турса, ижара акысын иштебей турган убакта төлөөдөн, ишке киришкен убакта да төлөөдөн бир нече убакытка  бошотуу кадамдары ишкерлердин кандайдыр бир ресурстарга ээ болушуна алып келет. Экинчи жагынан, чакан жана орто бизнес үчүн атайын антикризистик фонд болот. Ошол антикризистик фонддон жеңилдетилген кредиттерди берүү да каралат. Бул фонддон кредиттерди берүү атайын механизмдер, шарттар аркылуу болушу зарыл. Мисалга айта кетсем, ишканалардын акыркы бир-эки жыл аралыгындагы салык таржымалы милдеттүү түрдө каралат. Салык таржымалы таза болуп, салыктарды убагында төлөп, мыйзам талаптарына жооп бергидей иштеген ишканаларга жеңилдетилген кредиттерди бере алабыз. Дагы бир шарт: эгер ишкана өзүндөгү жумуш орундарын мурдагыдай жогорку денгээлде сактап калса, анда ага антикризистик фонддон бериле турган кредиттердин шарттары да жеңилирээк болушу ыктымал.

— Эл аралык донорлор менен ишкерлерди колдоо багытында кандай иштер жүрүп жатат?

Биз донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө алар дагы өздөрүнүн механизмдерин сунуштап жатышат. Карантинден кийинки жеңилдетилген кредиттерден тышкары, кепилдиктерди берүү маселеси каралып жатат. Себеби өкмөт бардык жеке ишкерлерге, чакан, орто, чоң бизнеске каражатты жеткире албайт. Ошол эле убакта финансылык институттар бар, алар мурда да кредиттерди беришкен, жаңы кредиттерди бергенге алардын каражаттары бар. Ошондой финансы институттарына кепилдиктерди берүү механизмдерин кеңейтүү, түрлөрүн көбөйтүү аркылуу жеке ишкерлерге бериле турган кредиттик ресурстардын көлөмүн көбөйтө алабыз. Мисалы, кайсы бир ишканаларга бул институттар жеңилдетилген кредиттерди берүүнү чечсе, ал ишканалардын залогу жок болушу мүмкүн, акыркы финансылык көрсөткүчтөрү төмөн болушу ыктымал. Мындай шартта тигил институттар кредиттерди бербей коюшат. Мамлекет өзүнүн институттары аркылуу тиешелүү күрөөгө, кайтарымга болгон кепилдиктерди берүү менен ушундай абалга карабай кредиттерди берүүсүн женилдетип бере алат. Бул банктар аркылуу ишканаларга  кредиттерди берүүнү көбөйтөт. Ушундай эки чоң багытта, биринчиси салыктардан жеңилдиктерди берүү, экинчиси жеңилдетилген ресурстарга жетүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери жүрүүдө.  

Азыркы кезде Кыргызстанда чакан, орто бизнес тармагында иш алып барган канча ишкана бар?

Салык инспекциясынын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы орто жана чакан ишканалардын саны 260 миңден ашуун. Элестетсеңиз, буларда канчалаган биздин жарандар эмгектенишет? Биз реалдуу сектордо иштеген чакан жана орто ишканалардын санын айттык, ал эми жалпысынан ишкердик субъекттерди алсак 500 миңден ашыгыраак ишканалар бар. Буга дыйкан чарбалар, жеке ишкерлер, компаниялар да кошулуп кетишет.  

Карантинди кризис десек деле туура болот го. Мына ошол кризисти туура пайдаланып экономиканы такыр башкача трансформациялап кетүүгө мүмкүндүктөр барбы?

Ооба, азыркы абалдан экономиканы трансформациялап чыгып кетүү, күчтүү экономикага айлантып кетүүгө да мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени көрдүк, чек араларды жаап изоляцияга кетсек, бизде чоң  тобокелчиликтер пайда болот экен. Биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо, жумушчу орундары менен камсыз кылууда, дегеле жашоо турмушубуздун түрлүү багыттарында кандай тобокелчиликтер жана көйгөйлөр бар экендиги көрүнүп калды. Ушул шарттарды колдонуп экономиканын структурасын, багытын тууралап алуубуз абзел. Ошондуктан өкмөт жалпы 500 миңден ашык ишкер, ишканаларга же 260 миңден ашык чакан, орто ишканалардын бардыгына текши жардам бериши керек деген ойдон алыс болушубуз керек. Жардам берүүдө мамлекеттин экономикасына салым кошо турган ата мекендик өндүрүүчү, экспортко багытталган, же болбосо мурда сырттан келип жаткан импорттук товарлардын ордун баса турган товар өндүргөн ишканаларга жана ушу сыяктуу багыттарга өзгөчө басым коюп, кредиттердин механизмдери да ошондой болуп иштелип чыгышы зарыл. Демек  Кыргызстандын экономикасын трансформациялоого жардам бере турган экономика секторлоруна арткычылык берилет. Ошондо жаңыланган экономикабыз күчтүү жана туруктуу болот.

Сиздер буга чейин ишкерлер менен жолугуп, алардын сунуш-пикирлерин уктуңуздар да. Алардын сиздерден сураганы, каалаганы эмне болуп жатат?

Ишкерлер тарабынан жүзгө жакын сунуштар болду. Бардык сунуштарды  үч категорияга бөлсө болот. Биринчи категорияда азыркы күнүмдүк тоскоолдуктар боюнча сунуштар, мисалы, кирип-чыгуу, өткөрмө системасы менен иштешүү, санитардык-дезинфекциялык шарттар, же болбосо чек арадан өткөрбөй жаткан товар же продукцияларды өткөрүүгө жардам берүү сыяктуу кыска мөөнөттүк сунуштар. Бул топтогулардын талабы боюнча маселелер ыкчам эле чечилип келе жатат. Экинчи топтогулар салыктар боюнча, буларды өз ичинен да экиге бөлсө болот. Биринчи кичи топко административдик жүктөмдөрдү алуу боюнча, мисалы отчетторду жылдыруу, туумдарды, айып салууларды колдонбоо. Экинчи кичи топко салыктан бошотуп койгула дегендерди кошсок болот. Айрымдары кээ бир салыктардан жеңилдетүүлөрдү бергиле десе, кээ бирлеринен жалпы эле салыктан бошотуу жөнүндө сунуштар түштү. Жалпылап айтсак, бардыгы эле салыктардан жеңилдиктерди белгилүү бир мөөнөткө чейин бергиле деп сурап жатышат. Мындай талаптар деле өкмөт берип жаткан жардамдын экинчи пакети менен буюрса эске алынып жатат жана чечилет. Ал эми үчүнчү категориядагы сунуштар жеңилдетилген ресурстарды берүү боюнча. Бул боюнча деле маселелерди чечүү жөнүндө жогоруда кенен айтып кеттик. Колдон келсе бардыгына эле жардам берсек болор эле, тилекке каршы бир жактан мүмкүнчүлүктөр чектелүү, экинчи жагынан жардам берүү туура жана өз нугунда болуусу зарыл.

Сиздин айтымыңызда, ушундай жеңилдик берүүлөр дал жылдын ортосунда ишке ашат экен. Бирок салыктын эсебинен топтолуп жаткан мамлекеттик бюджет, мамлекеттин камкордугунда турган калктын категориясы салык түшпөсө, жабыр тартып калбайбы?

— Жогоруда айтып өттүк, ишкерлерге салыктык жеңилдетүүлөрдү берүүдө бардыгына текши жардам бере албайбыз. Талдоо жүргүзүп, мүмкүнчүлүккө жана максаттуулукка жараша салыктык маселелерди чечүү зарыл. Биз аларды дагы эске алып жатабыз, ошондуктан чечим кабыл алуу кыйын болуп жатат. Бир жагынан салыктык жеңилдиктерди берсек, экинчи жагынан бюджеттин толбой калуусу, бюджеттин арты менен чечиле турган социалдык маселелерди биринчи кезекте эске алып жатабыз. Ушул себептен бардыгын салыктан бошотуп салабыз деген жокпуз. Бирок чакан, орто бизнеске жеңилдиктерди бербесек, алардын иштете турган каражаты жок болсо, банкрот болуп калышы толук мүмкүн. Аларды банкрот кылбай  эмитеден жардам берсек, кайра эле жарым жыл, бир жылдан кийин алар потенциалдык салык төлөөчүлөр жана экономикага салым кошуп, жумуш орундарын камсыз кыла турган субъекттер болушат.

Ал эми бюджетти толтура турган инструменттер бизде бир топ. Айталы, түшпөй калган салыктардын ордун толтуруу үчүн приоритеттүү эмес чыгымдарды кыскартуу боюнча Финансы министрлигине сунуштарды бердик. Мисалы азыр эмес, кийин курула турган курулуштардын каражаттарын, мамлекеттик органдардын ар кандай чыгымдарын кыскартуу боюнча. Мындан тышкары эл аралык финансы институттары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн 400 — 450 млн. доллар каражат алуу тууралуу макулдашуулар болду. Булар ишке ашса, мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери — пенсия, жөлөк пул, айлык акылар өз убагында берилип турат.

Кризис канчалык узак болгон сайын анын экономикага тийгизген таасири да өсө берет, ушундай терс таасирлерди азайтуу боюнча кандай чечимдерди күтсөк болот?

— Азыркы күндө эң негизги маселе – элибиздин  ден соолугу болуп турат. Бирок экономикалык субъектилердин таптакыр эле токтоп калуусу, же узак убакытта кандайдыр бир чектөөлөр менен иштөөсү албетте жалпы экономикага терс таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан азыркы абалдын экономикага болгон терс таасирин азайтуу үчүн, өкмөт тараптан ишкердик субъектилерге этап-этабы менен уруксат берип ишке киргизүү планы иштелип чыкты. План боюнча алгачкы этаптарда эпидемиологиялык абалга болгон таасири жана вирустун жугуу тобокелчилиги эң аз болгон, ошол эле убакытта экономикага жана өлкөбүздүн күнүмдүк тиричилигинде мааниси чоң ишкерликти жандандыруу, ал эми эң акыркы этаптарда бир жерде  массалык чогулууларды талап кылган иштерди жандандыруу каралган. Ар бир этаптын ишке кирүү алгоритмдери жана шарттары иштелип чыккан. Айта кетсем, ар бир ишкана санитардык, эпидемиологиялык тартиптерди сактоого милдеттендирилет, ар бир ишкана жетекчисине кызматкерлердин келип-кетүүсүн, жумушчу орундарда аралыкты сактоо тартиптерин камсыз кылуу жүктөлөт.    

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.