Коронавирус пандемиясы ЕАЭБдин бекемдигин сыноодо, — Жекшенкулов

Окуялар тизмеги 29 Апр 2020 13:40
0 ой-пикир

Россиядагы кыргыз мигранттардын абалы тууралуу элчи Аликбек Жекшенкулов маалымат берди.

«Пандемия учурунда ЕАЭБ бекемдикке сыноодон өтүүдө. Дүйнөдө көп нерсе өзгөрүүдө. ЕАЭБ туруктуулугун жана өзүнүн баштапкы биригүүсүн көрсөтөт деген менде чоң үмүт бар. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биз бир аз аярлуубуз. Кыргызстанга келе турган болсок, азыркы учурда өлкөдөгү орто жана чакан бизнеске жардам берүү керек. Анткени бул тармактар өлкөнүн кабыргасы болуп саналат. Өлкөнүн экономикасы жана саясий абалы анын келечегинен көз каранды», — дейт Жекшенкулов.

Элчи билдиргендей, РФда эмгек мигранттарынан сырткары мекенине кайта албай жаткан кыргызстандык студенттер дагы бар.

«Көптөгөн өлкөлөр көтөрүп жаткан дагы бир маанилүү маселелердин бири — бул миграция маселеси. Биздин кызматкерлер, диаспора өкүлдөрү акча таап, жарандарды хостелдерге жайгаштырышты. Азыркыга чейин абдан кыйын болууда, бирок биз көрсөткөн бир катар жеңилдиктери үчүн Россияга ыраазыбыз. Мигранттардан тышкары студенттер менен да чоң көйгөй болууда. Бул мекенине кайтууну күтүп жаткан 21 миң адам. Бүгүнкү күндө бир топ көйгөйлөр бар. Мигранттар арасында 3 негизги көйгөй бар — алып чыгуу, турак жай менен тамак-аш жана медициналык жардам», — деп кошумчалады Жекщенкулов.

Дипломат кошумчалагандай, бул көйгөйлөрдүн баардыгы айрым бир ресурстардын чектелгендигине байланыштуу болууда. Бирок, өнөктөш өлкөлөр аталган көйгөйдүү чечүүдө көмөк көрсөтөт деген үмүт бар.

Белгилей кетсек, КРнын РФдагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бул маалыматты «ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн коронавирус пандемиясынын экономикалык кесепеттери» аталышындагы онлайн форматта өткөн конференцияда билдирген.

Булак: Кабар

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.