Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Окуялар тизмеги 25 Апр 2020 15:08
0 ой-пикир

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Президенттин атына жергиликтүү судьяларды дайындоо боюнча 19 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

2020-жылдын 17-апрелинде Сооронбай Жээнбеков айрым талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент судьялык кызматка 16 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди. Мамлекет башчысы 3 талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарган.

Президенттин биринчи Жарлык менен тандалып алынган 16 талапкер Конституцияда белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар төмөнкү райондор аралык сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Чүй облусуна:

Асанов Эрлан Джекшенбекович;

Курманов Ашырбек Такишович;

Осмонова Шааркүл Келдибековна;

Султаналиев Нурлан Туруспекович;

— Ош облусуна:

Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич;

— Ысык-Көл облусуна:

Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;

Тагаев Мелис Муктарович;

— Баткен облусуна:

Жаманкулов Мелис Раимбердиевич;

Туленбаев Таирбек Абдумаликович;

— Талас облусуна:

Ибраимов Темирбек Маданбекович;

Нартаев Нурман Канатбекович;

— Нарын облусуна:

Чагалдакова Махабат Бекболотовна;

— Бишкек шаарына:

Абдыкадыров Куралбек Амантаевич;

Досмамбетова Чолпон Моңолдоровна;

Эгембердиева Анар Раимжановна;

Эшалиев Азис Маратович.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.