Умрадан келген 134 зыяратчы, коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги, Ноокаттагы медиктердин илдетти жугузуп алганы. Ординатор Баяман Жумабаев менен маек

Интервью, Окуялар тизмеги 23 Апр 2020 16:02
0 ой-пикир

И.К. Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын клиникалык ординатурасында экинчи жыл билим алып жаткан 26 жаштагы инфекционист Баяман Жумабаев Ош облусунун Ноокат районунда үй карантинде жаткан убагы. 18-апрелде обсервацияга, андан кийин карантинге кетерден мурда ал эки жума бою 13-мартта умрадан келген 134 жаран обсервацияга алынган жайда иштеген. Ал чет жактан учуп келген алгачкы кыргызстандыктарды кабыл алган медиктердин катарында эле. Кийинчерээк ал адамдардан COVID-19 вирусу чыга баштаган.

Баяман Жумабаев Ноокат районунда туулган. Мектепти бүткөндөн кийин Бишкекке келип КММАнын бюджеттик бөлүмүнө тапшырган. Жогорку окуу жайда ал орус тилинде билим алган жана талыкпай иштөө ага жат көрүнүш эмес.

2019-жылдын башында Баяман үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу КММАдан багыт алып, Ноокаттагы “Барын” үй-бүлөлүк медициналык борборунда ординатурадан өтүп жаткан. Биринчи жылы ал жалпы практикадагы врач катары иштеген. Ал жумушунда кыйынчылыктар көп деле болбогонун айтат. 2019-жылдын сентябрь айынан тарта врач-инфекционист милдетин аркалай баштаган. Саат 8:00дөн 16:00гө чейин бир ставка менен иштеп баштаган. Аны менен катар эле жеке жашоосуна көңүл буруп, үйлөнүп, бир кыздуу болгон.

«Жаңы жылдан кийин көп нерсе өзгөрдү, коронавирус тууралуу жаңылыктар жүрөктүн кооптонууларды жарата баштады, эпидемия алгач Ухань шаарын каптап, андан соң Кытайын башка аймактарына дагы жайылды. Ал жакта ооруну жуктуруп алгандар күн санап өсүп жатканын көрүп, инфекционист катары COVID-19 Кыргызстанга келиши мүмкүн экенин түшүнгөм, себеби алар биздин коңшу да”,-дейт Баяман.

Ал Сауд Аравиясынын Джидда шаарынан кичи ажылыктан келген 134 кыргызстандыктардын 13-мартта Ноокатка келгендери тууралуу айтып берди. Алардын баарын Жаңы-Ноокат айылындагы Токтогул атындагы жатак-мектептин жатаканасына обсервацияга жайгаштырышкан.

— “20-мартта мен обсервациядагы биринчи иш күнүм башталды. 4 врач болчубуз – хирург, лор, терапевт, инфекционист жана 4 медайым. Чогу 14 күн иштедик. Санитаркалар келип кетип жатышты. Обсервацияда буга уруксат берилет. Эмнеге билбейм, бирок ажылык сапардан келгендерден биоматериалды дароо алышкан жок, бир нече күндөн кийин, тактап айтсам, 24-мартта алышты. Бирок жыйынтыктары келген жок. Болжол менен 31-мартта же 1-апрелде аларга экспресс-тест жасашты, көбүндө вирус аныкталды. Бирок адистер бул тесттер 70% туура көрсөтөрүн айтышууда. 134 адамдын ичинен 3-4 адамда коронавирус белгилери байкалып турду. Илдет аныкталгандан кийин аларды Ноокаттагы ооруканага жөнөтүштү. Ошентип 125 адамды карап калдык. Көбүнүн анализинин жыйынтыктарында вирус бар экени аныкталып жатты”, — дейт Баяман Жумабаев.

Умрадан келгендердин арасында кимдер бар эле?

— Жашы да карысы да бар аялдар жана эркектер болчу. Эң улуусу 87, кичүүсү 14 жашта болчу. 2006-жылы туулган. Эң кичинекейинин жашын угуп таң калып жатасыңарбы? Түштүк аймакта динге ишенгендер адам канчалык жаш кезинде умрага барса, анын Кудайга болгон ишеними ошончо бекем болот деп эсептешет.

Бейтаптарыңыз эсиңизде калса керек?

— Обсервациянын, карантиндин, ички тартиптин эрежелерин сактабаган адамдар катары эсимде калышты. Алгач биз аларды бир бөлмөгө 4-5 адамдан жайгаштырып, зарыл болбосо коридорго чыкпай, коңшу бөлмөлөргө барбай, көчөгө чыкпай турууларын эскерттик. Алар угушкан жок. Бир бөлмөдө чогулуп алышып, ызы-чуу салышчу, оорукана берген тамактарды жегенден баш тартып, жатак-мектептин короосуна чейин чыгып жатышты. Обсервацияга алынган мекемени 15ке жакын милиция кызматкери кайтарып турушчу, бирок алар кийлигишкен жок, бир дагы жолу сыртка чыккандарды мекемеге киргизишпеди. Мындай “кайтаруунун” эмне кереги бар эле түшүнгөн жокмун.  

Эркек врачтарга бейтаптар сылык мамиле жасашты, ал эми медайымдарга орой мамиле кылышып, сөгүштү, каргашты, кызматчылары катары карашып, буюмдарды, дарыларды дагы ыргытып жиберген күндөрү болду. COVID-19 вирусу дүйнөнү каптап жатканда Сауд Аравиясына умрага барганынан уялып да коюшкан жок. Обсервацияда жаткандардын мындай мамилелерине учурда көпчүлүк медиктер учурап жатса керек деп ойлоп жатам. Жарандар мыйзамга, эрежелерге баш ийгиси келбей жатат, муну жөн калтырбаш керек, бир нерсе кылуу зарыл.

Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек, обсервация шарттары начар болчу. Бөлмөлөр суук, төшөктөр жука, жылуулук да берилчү эмес. Бейтаптардын да нааразы болгонго себеби бар болчу десем жаңылышпайм. Биз деле алар менен чогуу ошондой шартта жашадык. Тамак ичүүчү жана жуунуучу жайыбыз, дааратканалар бейтаптар менен чогуу эле болчу. Обсервацияда мындай болбошу керек, COVID-19 вирусуна күмөнү бар бейтаптар менен медицина кызматкерлери биргеликте бир жерде кармалбашы керек эле.

Шарттар начар деп даттандыңар беле?

— Жок. Иш көп болчу, даттануу оюбузга да келген жок. Коргонуучу каражаттар тууралуу эле бир нече жолу кайрылдык. Мен бир кийим менен 4 күн жүрдүм. Мындай кылууга болбойт, күн сайын алмаштырып туруу керек болчу. Башка кийим беришкен жок. Респираторлор жана көз айнектер жетиштүү болчу. Төрт күндөн кийин бизге жаңы кийим алып келип, аларды кийдик. Тамактары да жакшы эмес эле. Ал күндөрү көп нерсе шашылыш жана шалаакы жасалып жатты. Балким, ошондуктан бизде бир врач жана 3 медайым ооруну жуктуруп алды, ким билет?

Бул кандайча болду?

— 3-апрелде биздин бригада башка жайга обсервацияга кеттик. Ал Ноокат районуна караштуу Гүлистан айыл өкмөтүнө тиешелүү, райборбордон 4-5 чакырым алыс жайгашкан медреседе болчу. Ал жакта шарттар жакшыраак экен. Алгач, 1-апрелде анализ тапшырган болчубуз. 5-апрелде келген жыйынтыктар хирургда жана 3 медайымда оору табылды, аларды дароо Ноокат аймактык ооруканасынын инфекция бөлүмүнө жаткырышты. Ооруну жуктуруп алганында алар күнөөлүү эмес деп ойлойм, себеби биз баарыбыз эрежелерди сактап жаттык.

Калган медкызматкерлерде вирус табылган жок. 11-апрелде кайрадан анализ тапшырдык, ал да таза чыкты. Бизди обсервациядан 17-апрелде үй карантинине чыгарышы керек эле, бирок эмнегедир дагы кармашты. Биз дагы бир жолу анализ тапшырышыбыз керектигин айтышты, себеби арабызда 28-мартта эле ооруп калган 1959-жылкы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары бар болчу. Дене табы көтөрүлүп, мурду бүтүп жаткан, бирок коронавирус эмес болчу. 5-апрелде ал катуу ооруп, аймактык ооруканага которушту. Ошентип үчүнчү жолу 12-апрелде тапшырган анализдерибиз дагы таза чыкты. 2 жума иштеп 1 врач, 3 медайым ооруну жуктуруп алышты. 18-апрелде бизге уруксат беришти, учурда үйдө үй-бүлөм менен биргемин.

Карантинден кийин кайра обсервацияга келесизби?

— Азырынча белгисиз. Баары райондогу эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Эгер керек болсо албетте кайра иштейм.

—COVID-19 вирусун жуктуруп алам деп коркпойсузбу?

— Үйдөгүлөргө жугузуудан көбүрөөк корком. Өзүмдөн кооптонбой элемин. Менин организмим вируска туруштук берет деп ишенем.

— Коронавирус эпидемиясынан кийин биринчи кезекте эмне менен алек болосуз?

— Жубайым менен кызымды алып жайлоого барып эс алгым келип жатат. Досторум менен жолугам.

Маектешкен Каныкей МАНАСОВА.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.