Премьердин кызматтан кетиши тууралуу ушак-айыңдарды таратпоого чакырабыз, — президенттин басма сөз кызматы

Окуялар тизмеги 22 Апр 2020 09:32
0 ой-пикир

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Мансурова мамлекеттик бийликтин бардык күчү коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалып жаткан учурда жалган маалымат таратпоого чакырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«КР Премьер-министринин, Өкмөттүн кызматтан кетиши жана өлкө Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер тандалышы мүмкүн экендиги тууралуу ар кандай ушак-айыңдарды таратпоого чакырабыз.

Учурда бардык мамлекеттик бийлик органдарынын күч-аракеттери толугу менен коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган.

Буга окшогон ушак-айыңдар бирөөлөр аркылуу атайылап жасалып, акыркы күндөрдө жайылтылып жатат деп ойлойбуз.

Ошондуктан саясий чөйрөнү жана массалык маалымат каражаттарынын бардык болгон күч-кубатын мамлекеттик органдардын инфекцияга каршы күрөшүүсүнө жардам берүүгө багыттоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.