Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-апрелде өзгөчө абал шартында калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча Бишкек шаардык мэриясынын ишмердиги менен таанышкан.
Мамлекет башчысы учурда өкмөт эпидемиологиялык кырдаалга жараша айрым ишкер субъектилердин ишине уруксат берүү сунуштарын даярдап жаткандыгын белгилеп өткөн.
«Ар бир кризистен кийин өнүгүү болот. Ал үчүн жаңы жаралган мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдалана билишибиз абзел. Бул маселе боюнча ойлонууга мезгил келди. Өкмөт бул багытта ишин баштады. Азыркы чакырыктарга жооп бергидей, иш жүзүндө аткарыла турган документти иштеп чыгат деп ишенем», – деди Жээнбеков.
Ал ошондой эле ар бир муктаж болгон үй-бүлөгө жана жаранга жардам көрсөтүлүшү керектигин эске салып, эч ким көңүл сыртында калбай тургандыгын, керектүү резервдер бар экендигин дагы бир жолу айтты.