Президент гуманитардык жардамдын кантип таратылып жатканы менен таанышты (фото)

Окуялар тизмеги 20 Апр 2020 15:22
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаар мэриясынын муктаж болгон жарандарга гуманитардык жардам таратуу ишинен кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча учурда борбор калаада 85 миңден ашык үй-бүлөнүн тизмеси түзүлгөн. Анын ичинен Бишкектеги жана анын айланасындагы 44 миңдей үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн. Ал үчүн өкмөт 300 тонна ун бөлгөн.

Жакын арада дагы 300 тонна ун, 90 тонна кумшекер, 30 миң азык-түлүк топтомун бөлүү каралып жатат.

Сооронбай Жээнбеков жардамга муктаждар үчүн керектүү резервдер бар экендигин белгилеген.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында Бишкек баштаган төрт шаарда жана төр райондо өзгөчө абал режими киргизилген. Бул режим алкагында коменданттык саат болуп, көпчүлүк ишканалар, тамактануу жайлары, соода борбордор ишин токтоткон. Мындан улам күнүмдүк каражатты бул жайларда иштеп тапкандар кыйналып жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.