Аалы Карашев: Азыр элди шайлоо өз убагында өтөрү эмес, үй-бүлөмдү кантип багам деп деген көйгөй түйшөлтүүдө

Интервью, Окуялар тизмеги 20 Апр 2020 16:59
1 ой-пикир

Коронавирус күн сайын күч алууда. 20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти, алардын ичинен медициналык кызматкерлердин саны – 140. Өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Коронавирус менен күрөш жүрүп жаткандыктан 2020-жылдын аягында бюджетке 30 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн деген божомолдор бар.

Абал ушундай болуп турганда 4-апрелде парламенттик шайлоо өткөрүү керекпи жана бул күнү башкаруу формасын өзгөртүүнү көздөгөн референдум өткөрүү максатка ылайыкпы? Депутат Аалы Карашев эгерде экинчи толкун боло турган болсо, анда экономикалык көйгөй жаралып, элдер үйүнөн чыкпай отурса шайлоо кампаниясын жүргүзүү туура эмес деген пикирде. Ал Elgezit.kg редакциясына өз көз карашын билдирди.

—Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүшү керек. Балким өнөкөттү жылдыруунун кажети болсо керек. Анткени өзгөчө абал алынган күндө да, баары ордуна келиши үчүн убакыт керек.

— Ачыгын айтсам, азыр мени жана кесиптештеримди пандемияга байланышкан абалдан көп жоготууга учурабай кантип чыксак деген деген суроо көбүрөөк ойлондурууда. Учурда чакан жана орто ишкерлик жабыркап жатат. Мамлекеттик кызматкерлерге маяна төлөнүп жатканы менен, ишкерлер пайда таба албай, куру жалак калышты. Көптөрү насыя, социалдык төлөмдөрдү төлөшөт. Салык амнистиясы же салыктык каникул маселелери чечиле элек.

Айдоо иштери да башталды. Шаардын четинде жери барлар дагы бар, алар айдоо иштерин баштай албай убара. Себеби чыкканга болбойт. Демек, түшүм жагынан да көйгөй жаралат. Ишкерлик субъекттерин калыбына келтирүү маселесин чечип, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү коргоо зарылчылыгы келип чыкты. Ал үчүн өзгөчө абал шартында айрым калк менен көп байланышта болбогон ишканаларга ишин жандантууга уруксат берүү жагын кароо зарыл. Мисалы: курулуш, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү (унаа жуучу, оңдоочу жайлар, дүкөндөр) санитарык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен ишмердүүлүгүн калыбына келтирсе болот.

Парламентти көбүрөөк ушул көйгөйлөр ойлондурууда. Жалпы жыйынды көргөн болсоңуздар, анда биз Кыргызстандагы азыркы абал, кыйынчылыктан кантип чыгуунун жолдорун көп талкууладык. Азырынча шайлоону жылдыруу маселесин кароо убакыт жете элек. Эл азыр шайлоо өз убагында өтөбү же жокпу деп ойлонгон жок, элди үй-бүлөсүн кантип багам деген көйгөй түйшөлтүүдө.

— Вирустун жайылышын азайтуу мүмкүн болгондо шайлоону жылдыруу маселеси күн тартибине кирбейт деп айтсак болбостур. Ооба, бул Конституцияны бузуу, бирок коронакризис Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнү каптап жатпайбы, бул форс-мажордук абал эмеспи?

— Баары коронавируска байланыштуу абалга жараша болот. Эгер биз оорунун жайылышын көзөмөлгө алып, кийинки толкундун кайталануусун төмөндөтө алсак, анда шайлоо тууралуу талкуу кылсак болот. Эгерде июнь айына чейин коркунуч азайса, анда шайлоону жылдыруунун кажети жок. Эгерде экинчи толкун боло турган болсо, анда экономикалык көйгөй жаралып, элдер үйүнөн чыкпай отурса шайлоо кампаниясын жүргүзүү туура эмес. Эл үйдө отурса, жумушу жок кыйналган учурда партиялар өздөрүн жарнама кылып жүргөнүн элестетсеңиз. Бул элдин кыжырын гана келтирет. Бул жерде жооп өзү эле айтылып турат: баары коронавируска байланышкан абалдан көз каранды.  

— Эгерде парламенттик шайлоо 4-октябрда өтсө, бул абал Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын легитимдүүлүгүнө шек жаратуу үчүн негиз болбойбу?

— Сиз эгерде шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрсөк легитимдүүлүгүнө суроо жаралбайбы деп жатасызбы? Шайлоо өз убагында өтсө легитимдүү эле болот, бирок эгерде мөөнөтүндө өтпөй калса, анда талкууласак болот.

— Парламенттик шайлоону жылдырууга кандай юридикалык негиздер болушу мүмкүн?

— Эпидемия биздин чечимдер легитимдүүбү деп сурабай экен да. Вирус юридикалык ченемдерге баш ийбей, биологиялык эрежелер менен жашайт. Бул эрежелер болсо алда канча олуттуу, себеби аны адамзат жазган эмес, жаратылыш эрежеси. Жаратылыштын бийлиги мыйзамдардан, токтомдордон дагы күчтүү.

Кудай сактасын, жер титирөө, сел, өрт ж.б. алда канча күчтүү эмеспи. Ушундай абал жаралса биз эмне Мыйзам долбоорлорун үч окууда талкуулап, коомдук талкууга алып чыкмак белек?

Албетте, жок. Биз абалга карап иш кылып, калкты сактап калуу аракетин көрөбүз. Сел жүрүп жатса, шайлоо участкаларын суу каптоо коркунучу жаралса биз шайлоону жылдыруу легитимдүүбү дебейбиз да. Ошол себептен өзгөчө абал учурунда башкаруу форматы өзгөрөт. Жер-жерлерде комендант институту киргизилди. Биз баарыбыз анын чечимине баш ийебиз. Коменданттык сааттын эрежелерин сактап жатабыз. Юридикалык процедуралар да өзгөрүшү мүмкүн. Мурда белгисиз болгон ооруну кантип жеңбиз деген суроо биринчи орунда. Өзгөчө абал шартында шайлоо өткөрүү тууралуу конституциялык мыйзам кабыл алсак болот. Жогорку Кеңештин регламентинде керек болгон учурда мыйзамдарды дароо үч окууда кабыл алууга уруксат берген норма бар.

— Сиз кесиптешиңиз Курманкул Зулушевдин 4-октябрда парламенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасын өзгөрткөн референдум өткөрүү демилгесин колдойсузбу? Пандемия учурунда мындай демилге көтөрүп чыгуу канчалык деңгээлде туура болду жана бул Россиядагыдай президенттик башкаруу мөөнөтүн жок кылууга болгон аракет эмеспи?

— Бул суроо Россия Федерациясында актуалдуу десем болот, ал жакта бул кызуу талкууда.

Бирок Кыргызстан көз карандысыз өлкө. Биз мамлекеттик башкаруу системасын өзүбүз аныктайбыз. Жаманбы же жакшыбы биз заманбап демократиянын баардык формаларын көрдүк. Президенттик республикада да жашадык, парламенттик демократияны да көрдүк. Мажоритардык жана пропорционалдык шайлоо системасын көрдүк. Шайлоо процедураларын же айыл өкмөтүн дайындоо жол-жобосун канча жолу өзгөрттүк санап бүтө албайм.

Тилекке каршы, бир дагы башкаруу формасынын өтөсүнө чыкпадык. Бир сөз менен айтканда дүйнөдө башкаруунун идеалдуу модели жок.

Ошондуктан парламенттик башкарууга келдикпи, демек башталган ишти акырына чыгаруу зарыл. Азырынча иш жүзүндө башкаруу форма идеалдуу эмес. Баарын түшүнүп турабыз. Биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз. Башталган ишти акырына чыгарбай бир нерсени өзгөртүү туура болобу?

Референдум өткөрүү боюнча демилгени бир депутат көтөрүп чыкты. Бул анын депутаттык укугу. Бирок азыркы абалда мындай демилгени алып чыгуу учуру эмес. Азырынча парламентте бул маселени караган жокпуз. Азыр баарыбыздын көңүлүбүз башкада, биринчи кезекте калкты коронавирустан сактап калуу жана экономикалык субъекттерди колдоо.

Аалы Карашев: Азыр элди шайлоо өз убагында өтөрү эмес, үй-бүлөмдү кантип багам деп деген көйгөй түйшөлтүүдө” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Таалайбек

    Шайлоонор менен элдин канча иши бар. » Касапчыга мал кайгы, өлөрманга дан кайгы»…

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.