Түркиядагы элчинин иши сынга кабылды

Окуялар тизмеги 19 Апр 2020 13:16
0 ой-пикир

17-апрелде «Стамбул-Бишкек-Стамбул» рейси менен 211 кыргызстандык учуп келгендиги белгилүү болгон. Учурда өз өлкөсүнө кайткан мекендештерибиз Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиевдин дарегине нааразычылыгын айтып чыгышкандыгын «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, элчи милдеттерин так аткарбагандыктан 300дөн ашык орундуу учак менен 211 гана кыргызстандык кайтып келген. Алардын бири, Салтанат Бекбаатырова элчилик кыргызстандыктарды мекенине алып келүүдө эч кандай аракет кылбаганын, тизме түзүүдө шалаакылык орун алганын айтып чыккан.

Ошол жакта элчинин ордуна түрктөр чуркап жүрдү. Майыптарга атайын араба даярдашы керек болчу, кош бойлууларга документ алышы керек эле, операциядан чыккандарга уруксат кагазын алыш керек болчу. Булардын баарын кылган жок. Алар эмне кылды? Даярдалган тизмеден Стамбул, Анкара деп чалып койду. Борт толбой келди”, — деди Бекбаатырова.

Бул жүргүнчү «элчилик Түркия берген учактын сыйымдуулугун санап, ага жараша тизме түзүшү керек эле» дейт.

Ал эми сырттагы мекендештерди алып келүүгө аракет кылып жаткан “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов Түркиядагы элчиликтин бардык шалаакы иштери жөнүндө далилдерди топтоп Жогорку Кеңешке жөнөтөөрүн билдирди.

350 орундуу борт берилип жатат. Алар тизме менен 200 орунду толтуруп жатат. 130 киши кирбей калды. Ошолорду ченеп туруп жакынкы шаардан алып келиши керек эле”, — дейт Молдакматов.

Учактын толбой калышы боюнча Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев комментарий берип, мындайча түшүндүргөн.

«“Кабарыбыз жок, укпай калдык» деген маалымат чындыкка жатпайт. 211 адам учуп кетип жаткандан кийин кантип кабар жетпей калмак эле? Бул учак менен учуп келгендер Стамбул менен Анкарадагы биздин жарандар. Ачык эле айтыш керек, биз тизмени түзүп жатканда кайсы бир саясатчы, партиялар ортодон кийлигишип жолтоо болушту. Тизме түзгөнүн, учак уюштуруп жатканын айтып, жарандар арасында түшүнбөстүк жаратышты. Мындай иштер элчилик аркылуу чечилет да. Партия же саясатчы бүтүрө турган жумуш эмес» — деди элчи.

Жалпысынан, Түркиядан Кыргызстанга кайта албай жаткан 487 кыргызстандык бар, алардын 211 гана үйлөрүнө кайтканга мүмкүнчүлүк алышты.

Ушул күндөрү Россияда да көпчүлүк мекендештерибиз Кыргызстанга келе албай турушат. Кыргыз өкмөтү аларды алып келүүгө аракет кылып жатканын билдирип келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.