ТИМ: Бүгүн Түркиядан Бишкекке 211 кыргызстандык учуп келет

Окуялар тизмеги 17 Апр 2020 11:15
0 ой-пикир

Бүгүн, 17-апрелде түштөн кийин Бишкекке «Стамбул-Бишкек-Стамбул» рейси менен 211 кыргызстандык учуп келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Аталган каттам Кыргызстандагы Түркиянын жарандарын эвакуациялоонун алкагында түрк тарап менен биргеликте уюштурулган», — деп айтылат маалыматта.

Бишкекке учуп келген жарандар “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат.

Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери ортосунда видеоконференция форматында сүйлөшүүлөр жүрүп, анда чартердик каттамдар менен эки өлкөдө жүргөн жарандарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүү болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.