Баткенде чек арага чектеш аймактарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Окуялар тизмеги 18 Апр 2020 17:17
0 ой-пикир

Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу үчүн милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Бак аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери чек арадагы айылдарды кыдырып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Санитардык-карантиндик посттордо айылга кирген автоунааларды дезинфекция кылып жатышат. Кара-Бак айыл аймагы коңшулаш Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан, Багыстан айылдары менен чектешет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.