Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн
2000-жылы Голливуддун «Идеальный шторм» деген блокбастери чыккан. Тасма чыныгы окуядан алынып, 1991-жылы Атлантикада болгон катуу шамалдын “кучагында” калган кемедеги трагедияны чагылдырат. Ал экранга чыккандан кийин “идеалдуу шторм” деген сөз белгилүү фразеологизм болуп, биринин үстүнөн бири келген жаман окуялардын жыйындысын ушундай атап калышкан.
Азыр дүйнөдө жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды кризис жагынан карасак “идеалдуу шторм” деп атасак болот. Ал эми COVID-19 эбак бышып жетилген негатив процесстерге түрткү болуп берди. Экономикалык жана саясий мамилелерде жана байланыштарда глобалдуу трансформация болору күтүлүүдө. Советтер Союзунун курамында болгон айрым өлкөлөр экономикалык гана эмес саясий моделдерин дагы өзгөртүшү керек болот.
Кыргызстан үчүн тыянак
КМШдагы көпчүлүк өлкөлөргө караганда коронавирус Кыргызстанга кеч келгенине карабай, өлкөбүз пандемияга даяр эмес экен. Кытайга жакын экенибиз жана саламаттыкты сактоо системасынын начардыгын түшүнгөн бийлик өлкөдө COVID-19 катталганга чейин эле аракеттерди көрүп баштаганын билдирген. Республикалык штаб түзүлүп, аткаминерлер жасап жаткан иши тууралуу күндө отчет берип жатышты. Бирок иш жүзүнө келгенде медицина кызматкерлери үчүн өздүк коргонуу каражаттары жетишсиз экени, тест-системалардын сапаты начар экени, реагенттер жетишсиз экени, илдетти жугузуп алуу коркунучу жогору өлкөлөрдөн келгендерди текшерүү тиешелүү деңгээлде эместиги, вирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду аныктоо ж.б. иштер аксап жатканы белгилүү болду.
Бул каталар мамлекеттик башкаруу системасында сапаттуу аналитикалык коштоо жана алдын ала анализ жүргүзүү жоктугунан улам болду. Абал мындай же тигиндей болуп өзгөрүп кетсе кандай аракеттерди жасоо керектиги тууралуу бир нече вариант жок экени маалым болду. Коронавирус учурунда гана эмес, башка учурларда деле Өкмөт чечимдерди кеч кабыл алуусу, алдыда боло турчу окуяларга көрөгөчтүк кылбай, кайсы бир окуя болгондон кийин гана иш жасагандагы ачыкталды. Башкача айтканда, өрт өчүргүчтөр командасы сымал.
Мунун баары мурда эле белгилүү болчу, бирок коронакризис мамлекеттик башкаруу системасында кризистик менеджменттин жоктугун көрсөттү. Ал өлкөнү өнүктүрүү программаларында жана башка стратегиялык документтерде жазылган эмес. Ошондуктан Өкмөттүн кризистен кантип чыгуу керектиги тууралуу так түшүнүгү жок, бизнести коргоо үчүн оптималдуу чаралар кайсылар, күч алып жаткан жумушсуздукту жоюуда кандай иш алпаруу керектиги тууралуу пландар жок. Мурда иштелип чыккан пландар болсо абалга карап бир аз өзгөртүү киргизип иштете беришмек, бирок Өкмөт баарын азыр, бүгүн жасап, бүгүн араң аракет кылууда.
Экономика…
Азыр баары экономикалык кризистен чыгуу жолдорун издөө менен алек. Бирок экономика тууралуу гана ойлоно бербеш керек. Коронавирустан кийинки жаңы күн мамлекеттик башкаруу системасында чоң өзгөрүүнү талап кылат, ал ийкемдүү, эффективдүү жана тез чечим чыгара алгыдай болушу керек.
Ар бир, жада калса, гениалдуу демилгелер дагы бюрократиялык системанын көлөкөсүндө калуу коркунучуна кептелет. Буга илдетти жуктуруп алган медиктерге компенсация төлөөгө байланышкан абалды мисал кылсак болот. Туура жана өз убагында чыгарылган чечим болду деңизчи. Бирок ким кайдан качан жугузуп алганын териштирүү коомчулуктун кыжырын келтирип, күнөөнүн баарын дарыгерлерге оодарып, компенсация төлөбөө аракети болуп жаткандай ой калтырды.
Албетте, азыр тигил же бул катачылык үчүн күнөөлүүлөрдү издөө убактысы эмес. Бирок башында биз атап өткөн “идеалдуу штормдон” жоготуулар аз болуп өтүү үчүн, анын ичинде бийликтин легитимдүүлүгү үчүн коронавирустан кийинки келечекке кайсы жол менен баарыбыз тууралуу ойлонуу абзел.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.