Жаңы аныкталган 17 учурдун 11-и Нарындан чыккан

Окуялар тизмеги 16 Апр 2020 13:09
0 ой-пикир

Кыргызстанда 16-апрелге карата соңку бир сутка ичинде коронавирус илдетин жуктуруп алган 17 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен Бишкекте 5, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 11 адам бар. Ошол эле учурда бир суткада 13 бейтап айыгып чыкты.

Ошентип, жалпысынан 16-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 466 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапты, 91 адам айыгып чыкты.

Оору жуккан 466 адамдын аймактар боюнча көрсөткүчү төмөнкүдөй:

Ош облусунда – 131

Жалал-Абад облусунда – 93

Бишкек шаарында – 87

Ош шаарында – 71

Нарын облусунда – 45

Чүй облусунда – 28

Ысык-Көл облусунда – 6

Баткен облусунда – 5 киши.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.