Өлкөдө коронавирустун туу чокусу 20-24-апрель болору айтылды

Окуялар тизмеги 14 Апр 2020 10:42
0 ой-пикир

Өлкөдө коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель болру божомолдонду. Бул тууралуу 14-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда божомол жүргүзүү үчүн атайын эксперттик топ иш жүргүзүүдө.

«20-апрелден 24-апрелге чейин деп жатышат. Туу чокусуна батыраак жетсек жакшы болот эле. Себеби оору жайылуунун туу чокусунан кийин сөзсүз басаңдай баштайт. Инкубациялык мөөнөт аяктагандан кийин бул илдетти алдын алуу иштерине өтөбүз» -дейт башкы санитардык врач.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 11 адам катталып, 18-марттан бери жалпы саны 430га жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.