Мамлекеттик чек ара кызматынын экс-башчысы ЖКнын бөлүм башчысы болуп дайындалды

Окуялар тизмеги 16 Апр 2020 12:02
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы болуп Курманакун Матенов дайындалды.

Буга чейин аталган комитеттин башчысы Эрнест Молдошев болгон.

Матенов 2010-2013-жылдары ушул Жогорку Кеңештин комитетинин бөлүм башчысы болгон. Ошондой эле эки жолу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп эмгектенген.

Эскерте кетсек, укук коргоо органдарынын маалымадагандай, Эрнест Молдошев коменданттык саат учурунда Кайгуул милициясынын кызматкерине кол көтөргөн. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Молдошевдин мас абалда экендиги айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.