Милицияга кол көтөргөн. ЖКнын бөлүм башчысы мас абалында кармалды

Окуялар тизмеги 27 Мар 2020 11:25
0 ой-пикир

25-март түнү коменданттык саат учурунда ок атышуу болгондугу кабарланган эле. Окуянын чоо-жайы жана мас абалында кармалгандардын аты-жөнү белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, окуя 25-мартка караган түнү болгон. «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан жаран милиция кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, из жашырууга аракет кылган. Автоунаасы токтотулган учурда айдоочу мас экени белгилүү болгон. Ал патрулдук милициянын кызматкерлерине кол көтөргөн.

Милиция кызматкерлерине баш ийбеген жигит Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Эрнест Молдошев болуп чыкты. Ал Чек ара кызматынын экс-башчысы Замир Молдошевдин уулу.

Эрнест Молдошев милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. 26-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгарганы белгилүү болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.