Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 3 кош бойлуу бар

Окуялар тизмеги 16 Апр 2020 19:38
0 ой-пикир

Ош облусундагы ооруканаларда коронавирус аныкталган кош бойлуу 3 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, бейтаптардын бири 39, экинчиси 32, ал эми үчүнчүсү 16 жума кош бойлуу. Алардын абалы канааттандырарлык деп айтылууда.

Кыргызстанда 16-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 17 жаңы учур катталды. Жалпы ооругандардын саны 466 кишиге жетти. 5 бейтап көз жумду, 91 — и бул илдеттен айыкты.

Белгилей кетсек, буга чейин кош бойлуу айымдарга коронавирус жуккан учур каттала электигин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген.

Маалымат жыйында ага өлкөдө кош бойлуу аялдарга коронавирус жуктурган учурлар катталдыбы жана ал илдет энеден балага өтөбү деген суроо узатылган.

«Андай учурлар азырынча каттала элек. Оору энеден балага өтүшү мүмкүн. Ал гигиеналык шарттарга байланыштуу болот. Гигиеналык шарттарды аткарса болбошу мүмкүн», — деп жооп берген Үсөнбаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.