Кош бойлуу айымдарга коронавирус жуккан учур каттала элек ,– Үсөнбаев

Окуялар тизмеги 16 Апр 2020 10:48
0 ой-пикир

Кыргызстанда кош бойлуу айымдарга коронавирус жуккан учур каттала элек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага өлкөдө кош бойлуу аялдарга коронавирус жуктурган учурлар катталдыбы жана ал илдет энеден балага өтөбү деген суроо узатылды.

«Андай учурлар азырынча каттала элек. Оору энеден балага өтүшү мүмкүн. Ал гигиеналык шарттарга байланыштуу болот. Гигиеналык шарттарды аткарса болбошу мүмкүн», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 466га жетет. Алардын ичинен 91 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.