Кыргызстанда 16-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 17 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 466 кишиге жетти.