Коронавирус пандемиясы өлкөнүн саламаттыкты сактоонун, экономиканын, социалдык жана мыйзам чыгаруу тармактарынын чыныгы абалын көрсөттү.
Мыйзамдарда бир катар мүчүлүштүктөр бар экенин, көптөгөн Мыйзамдар форс-мажордук абалда иштебей турганы ачыкталды. Мисалы, азыркыга чейин көчөгө маскасы жок чыккандарды жоопкерчиликке тартууга, жергиликтүү кеңешке жана парламентке болгон шайлоолорду жылдырууга байланышкан Мыйзамдар жок. Биздин нормативдик-укуктук база тыкыр анализге, толуктоолорго жана өзгөртүүлөргө муктаж экени белгилүү болду. Азыркы Мыйзамдарды аткаруу механизмдери иштелип чыгышы керек.
Elgezit.kg редакциясы Кыргызстанда коронавирустун укуктук кесепеттерин талкуулоо үчүн өлкөнүн юридика тармагындагы белгилүү инсандарды, юриспурденциядагы теоретиктерди жана практиктерди тегерек столго чогултту.
Тегерек столдун катышуучулары:
№1-суроо. Коронавирус пандемиясы жашообузду түп орду менен өзгөрттү: мектептердин жана билим берүү мекемелеринин иши токтоду, армияга жазгы чакыруу токтоду, коомдук иш-чаралар өтпөй калды, аймактар карантинге жабылды, көптөгөн ишканалардын иштери токтотулду. Бизге пандемия шартында жашообузду жөнгө сала турган жаңы Мыйзамдар керекпи?
Феликс Кулов: Жаңы Мыйзамдарды кабыл алуу максатка ылайык эмес, андан көрө финансылык абалды жакшыртууга каражаттарды издөө керек.
Клара Сооронкулова: Өлкөдө санитардык-эпидемилогоиялык тармактарды жөнгө салуучу Мыйзамдар жетиштүү, бирок алар аткарылбай келет.
Анара Ниязова: Жаман кесепеттерди болтурбоочу, карама-каршылыктарды жоюучу жаңы Мыйзам нормаларын киргизүү зарыл.
Канатбек Азиз: Өзгөчө абал режимин жөнгө салуучу Мыйзамдарды жаңылоо керек, ошондой эле коронавирус менен күрөшкө катышып жаткан бюджет кызматкерлерине финансылык компенсация төлөөнү кароо зарыл.
№2-суроо. Өзгөчө абал киргизилген шаарлардын жана облустардын комендатуралары карантин режимин бузган жарандардын жоопкерчилигин кароодо бир катар көйгөйлөргө учурашты. Азыркы кодекстер өзгөчө абалдын натыйжасында келип чыккан тыюуларды, укуктук мамилелерди жөнгө салбайт экен. Сиздердин оюңуздарча Мыйзам өзгөчө абалдан улам келип чыккан укуктук мамилелерди кантип жөнгө салышы керек?
Феликс Кулов: Өзгөчө абалдан улам пайда болгон Мыйзамдагы мүчүлуштүктөрдүн баары жоюлду.
Клара Сооронкулова: Өкмөт физикалык жактар үчүн тезинен талаптарды киргизүүсу зарыл, мисалы, медициналык маскаларды сөзсүз тагынып жүрүү керек деген сыяктуу.
Анара Ниязова: Өзгөчө абалдан улам келип чыккан тыюулар максаттарга ылайык болуусу кажет.
Канатбек Азиз: Мыйзамга толуктоолорду Кыргызстан карантинден чыккандан кийин киргизип, тыянак чыгаруу керек.
№3-суроо. Дүйнөдөгү 180 өлкөнү каптаган коронавирус пандемиясы көптөгөн мамлекеттердин электоралдык практикасына олуттуу таасир берди. Коронавирус Кыргызстандагы шайлоого дагы таасир тийгизди, жергиликтүү кеңешке шайлоо жылдырылды. Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоону жылдырууда кандай укуктук кесепеттер болду? 12-апрелден кийин бул жергиликтүү кеңештер жыйын өткөрүп, чечимдерди чыгарганы мыйзамдуу болобу?
Феликс Кулов: Конституциялык палата БШКнын жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолорду жылдыруу чечиминин мыйзамдуулук жагын карап чыгышы керек.
Анара Ниязова: Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо өзгөчө абал киргизилген шаарларда жана райондордо гана жылдырылышы керек.
Канатбек Азиз: Өзгөчө абал учурунда шайлоо өткөрүүгө болбойт, өтсө ал антиконституциялык болуп саналып калат. Президент Жээнбеков шайлоону жылдырып туура кылды.
№4-суроо. Жогорку Кеңешке шайлоону жылдыруу КРнын Конституциясына, шайлоо тууралуу Конституциялык Мыйзамга туура келеби? Эгерде шайлоо жылдырылып калса Жогорку Кеңеш 4-октярбдан кийин шайлоо болгуча жыйын өткөргөнү мыйзамдуу болобу? Эгерде парламенттик шайлоо жылдырыла турган болсо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын узартууга мүмкүнбү? Бул Конституцияга ылайык келеби?
Феликс Кулов: Өлкөдө коронавирус пандемиясы болуп жаткан маалда деле Жогорку Кеңешке шайлоо өз убагында өтүүсү керек.
Клара Сооронкулова: Зарыл болсо Жогорку Кеңешке болгон шайлоону жылдыруу керек. Парламент өз ишин уланта берсе болот, бирок өлкөнүн тагдырын аныктоочу чечимдерди кабыл албашы керек.
Анара Ниязова: Жогорку Кеңешке болгон шайлоону жылдыруу үчүн республика боюнча өзгөчө абал киргизилиши керек.
Канатбек Азиз: Эгерде Жогорку Кеңешке болгон шайлоо жылдырыла турган болсо, анда Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
№5-суроо. Мамлекеттик түзүлүштү аныктай турган референдум өткөрүү демилгесине кандай карайсыз? 1-апрелден тарта тиешелүү Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Коомдук талкуу процесси өзгөчө абал учурунда кандай жүрөт?
Феликс Кулов: Эксперттик топ чакырылып, алар бийликтин бардык бутактарынын укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин шайкештигин аныкташы керек.
Клара Сооронкулова: Бул демилге туура эмес маалда көтөрүлдү, укуктук жагынан алсак, жүйөлүү эмес!
Анара Ниязова: Өзгөчө абал режиминде референдумду демилгелөөгө тыюу салынган.
№6-суроо Дүйнөдө укук коргоочулар антиэпидемиологиялык чаралар адамдардын эркиндигин жана укуктарын чектеп жатканын билдиришүүдө. Пандемиядан кийин бир нерсе өзгөрөбү? Же мамлекет көзөмөлдөө функциясын күчөтүүгө аракет кылабы?
Феликс Кулов: Конституцияда адамдын негизги укуктары туруктуу экени жана мамлекет аларды буза албастыгы жазылган.
Клара Сооронкулова: Күн тартибине коррупция түбүнө жеткен санитардык-эпидемиологиялык кызматтын макамы тууралуу маселе коюлат.
Анара Ниязова: Мамлекет абалдан пайдаланып үстөмдүк кылуу укуктарын кеңейтип алышы мүмкүн деген коркунуч бар.
Канатбек Азиз: Өзгөчө абал учурунда адамдардын укуктарын жана эркиндигин чектөө жарандардын ден-соолугу үчүн жасалып жаткан иш.