Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.
Жоробеков 15-апрелге чейин киргизилген өзгөчө абал тартибинин мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылганын айтып, коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлгөнүн билдирди.
«Айыл чарба иштеринин жүрүшүн эске алып коменданттык сааттын убактысы кечки саат 21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин болору белгиленди. Жарандарды коменданттык сааттын эрежелерин сактоого чакырам»- деди ал.
Эскерте кетсек буга чейин Жалал-Абадда жана Сузакта коменданттык сааттын убактысы 20:00-07:00 сааттар арасы деп белгиленген.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 449га жетет. Алардын ичинен 78 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.
Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.