Момбеков: Өкмөттүн шалаакылыгынан оору менен күрөшө турган 98 врач өмүрү менен күрөшүп калды

Окуялар тизмеги 15 Апр 2020 18:33
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүнкү парламенттин жыйынында коронавируска байланыштуу өкмөттүн ишин катуу сынга алды.

Анын айтымында, илдет менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согушта куралсыз согушка жиберген штраф батальон болуп калды.

«Өкмөттүн шалаакылыгынан коронавирус менен күрөшө турган 98 врач бүгүн өмүрү менен күрөшүп калды.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда штраф батальон деген болгон, куралы жок согушка айдаган, “алар жок болгончо, октолуп алалы” деп.

Врачтарды да ошентип алдыга айдадыңар. Ар бирине 200 миң сом кенемте пул дейт, бул кенемте пул эмей эле, келеке пул да! Анан да комиссия түзөбүз деп жатасыңар. Токтоткула комиссияны. Бул силерге комиссия түзгүдөй “Дача-Су” эмес да.

Анан ыйлаган врачтарды кечирим суратып жатасыңар. Убакыт келет, баарыңар эл алдында кечирим сурайсыңар.

Чындык ушул, вирус бар болсо, вирустун артында минус бар. Минус бар болсо, анын артында чоң саясат бар. Дүйнө дүрбөлөңгө түшүп жатат, тигинче адам өлдү, мынча адам өлдү деп. Бирөөңөр жооп бере аласыңарбы, Кытайда эки саатта канча адам өлөт? 3 миң адам өлөт, ал эми коронавирустан 3 айда 3300 адам өлдү. А эмнеге Кытай менен чектеш Непалда, Бутанда, Камбоджада, Моңголияда бир да адам набыт болгон жок? Эмне үчүн? Эмнеге килейген Россияда бир айда коронавирустан 170 адам өлдү, жол кырсыганан 1,5 миң адам кайтыш болду? Саясат бар да… Силер саясатка аралаштырбагыла дейсиңер да өзүңөр саясатка аралаштырып жатасыңар. Өзүңөр ак халатчандарды кайрылтып жатпайсыңарбы, өзүңөр сөктүртүп жатпайсыңарбы, жанагы “киргизка” деген кыздарга.

Урматтуу депутаттар, биз жыйынды токтотпой, коронавирусту токтотушубуз керек. Анан контрабанда менен коррупцияны токтотушубуз керек», — деди депутат.

Депутатттын сындаган сөздөрүнө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мындай деп жооп берди:

«Биз жоопкерчиликтен качпайбыз, жооп беребиз. Баарыбыздын кудай алдында жооп берүүгө убактыбыз бар. Эл менен чогуу коронавирусту жеңели. Өкмөт кырсыктарды каршы турууга колунан келген аракеттерди кылып жатат.

Эпидиликтөө боюнча айтайын, эпидемиологиялык иликтөө болот. Азыр күнөөлүүлөрдү издей турган убак эмес, коронавирус менен күрөшүп бүткөндөн кийин кээ бир учурда туура эмес, жалган маалымат бергендер жазасын алат. Иштин жыйынтыгы менен тыянак чыгарабыз. Күнөөлүүлөр жооп берет».

Эске сала кетсек, 15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталып, жалпы саны 449 га жетти.

Коронавирус жугузган медицина кызматкерлеринин саны 15-апрелге карата 98 кө жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.