Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 98ге жетти

Окуялар тизмеги 15 Апр 2020 10:28
0 ой-пикир

Өткөн суткада 15 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 98ге жетти.

«Жаӊы учурлардын ичинен 3 медкызматкер Бишкек шаарында, 2 – Ош облусунда, 10 – Ош шаарында», — дейт ал.

Ал кошумчалагандай, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медиктердин арасынан коронавирус жуктуруп алган учурларды азайтууга бардык аракеттер көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 449га жетет. Алардын ичинен 78 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.