Депутат Башкы прокуратурадан күч кызматкерлердин «тизгинин тартып коюуну» суранды

Окуялар тизмеги 14 Апр 2020 20:11
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Башкы прокуратураны өзгөчө абал учурунда  мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 14-апрелде, парламенттин кошмо жыйында билдирди.

Жээнчороев тартип бузган адамдарды видео тасмага тартып, аны социалдык тармактарга жарыялаган милиция кызматкерлерин жоопко тартууну Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон талап кылды.

«Кечээ соцтармакка тараган видео тасмадай кылып, милиция кызматкерлери, комендатуранын адамдары таратып, жайып атканы башка кылмыштарга жол бериши мүмкүн, зомбулукка жол бериши мүмкүн. Ошондуктан муну токтотуш керек. Азыр дарыгерлер ызаланып турат. Аларды да кысым кылып, кечирим суратып, видеосун таратканды токтоткула. Башкы прокурор катары ар бир ошондой видеонун артында турган күч кызматкерлери мыйзам чегинде жооп берерин айтып, эскертиңиз», — деди Мирлан Жээнчороев.

Депутаттын талабына Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул көрүнүштөр иликтенээрин айтуу менен чектелди.

Белгилей кетсек, Бишкекте милиция менен айтышып, сөгүнгөн кыздын видеосу 13-апрелде Интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул тасманы тартып, аны Интернетке таратып жиберген милиция кызматкерлерин жоопко тартуу туура болорун да айтып чыккандар болду.

Видеодогу аты ачык айтылбаган кыз Жазык кодексинин «Ээнбаштык» деген беренеси боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагына 15 суткага камалганын 14-апрелде шаардык комендатура кабарлады.

Бир аз күн мурда үй-бүлөлүк дарыгер Бектур «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тараган. Бул көрүнүш үчүн социалдык түйүндөрдө УКМКны айыптап жатышат.

14 апрелде УКМК ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө жалган маалымат жарыялап тараткандар, алардын арасында медицина кызматкерлери да аныкталганын, бул фактыларга юридикалык баа берилерин кабарлады. Ошол эле учурда атайын кызмат Ысык-Атадагы дарыгер Бектур Апышевдин катышуусу менен кандайдыр бир иш-чара өткөрүлбөгөнүн билдирди. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.