Өкмөт башчы: Салыктардан жана кредиттерден бошото албайбыз

Окуялар тизмеги 12 Апр 2020 09:34
0 ой-пикир

Коронавирус пандемиясы финансылык кризиске, мунай зат рыногунун бузулушуна алып келди. Мындан бүт дүйнөлүк экономика зыян тартып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Биздин экономикага 5 млрд сом зыян келди. Салыктар боюнча – 1,5 млрд сом, бажы жыйымдары боюнча – 3,8 млрд сом. Бирок алдын алуу чараларынын натыйжасында биз азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алдык — дүкөндөрдүн текчелери бош калган жок. Кырдаалдан пайда табууну көздөп, социалдык маанилүү азыктардын бааларын көтөргөн жактарга карата өз убагында чара көрдүк. Мен компетенттүү органдардын жана жергиликтүү бийликтин ыкчам ишин белгилеп кетүүгө тийишмин», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, 2020-жылдын 30-мартында Өкмөт Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна байланыштуу бизнести колдоо боюнча антикризистик чаралардын планын жактырган.

«Кабыл алынган чечимдердин көпчүлүк бөлүгү бизнеске салыктык төлөөлөрдү, отчетторду тапшыруу жана коммерциялык уюмдарга насыяларды кайтаруу боюнча өздөрүнүн пландарын жакынкы аралыкта өзгөртүүгө мүмкүндүк берди. Баса белгилей кетсем, банк системасынын туруктуулугун жана бюджеттин теңдештигин камсыздоо үчүн биз бардыгын салыктардан жана насыялардан бошото албайбыз. Эгерде биз мындай жеңилдиктерди берсек, анда жалпы финансы системасы бузулат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал белгилегендей, финансылык институттардан каржылык жардамдарды алуу боюнча үч багытта активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат: коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү, кризистен кийинки мезгилде бюджетти жана экономиканы колдоо.

«Биз коронавирусту жеңгенден кийин экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү боюнча ойлонушубуз керек. Учурда экономика тармагына жана кайсы бир ишкерлик объектисине түзүлгөн кырдаалдын тийгизген таасирине терең талдоо жүргүзүлүүдө. Бардык ички жана тышкы ресурстар мобилизацияланууда. Ички резервдер боюнча биз артыкчылыктуу багыт болуп саналбаган чыгашаларды олуттуу түрдө кыскартууга жана бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптимизациялоого барып жатабыз. Тышкы жардамдардын көлөмү боюнча айтсак, болжолдуу түрдө 450 млн АКШ долларын түзөт. Бул каражаттар бюджетти жана бизнести колдоого багытталат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал ошондой эле белгилегендей, өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн дагы бир багыты ата мекендик бизнес үчүн арзан жана узак мөөнөттүк кредиттерди табуу болуп саналат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.