COVID-19: Япония жарым жылга өзгөчө абал киргизет

Аалам, Окуялар тизмеги 08 Апр 2020 14:38
0 ой-пикир

Япония бийлиги коронавирустун жайылышына байланыштуу өзгөчө абал киргизмек болду. Бул тууралуу чет элдик бир катар маалымат агенттиктери жазды.

«Рейтер» жергиликтүү булактарга шилтеме берип, өзгөчө абал Токио жана ага коңшулаш үч префектурага киргизилип, алты айга чейин уланышы мүмкүн экенин айтты. Префектура жетекчилери өз аймагындагы чектөө чараларын канчага улантарын өздөрү чечет.

Өлкөнүн өкмөтү экономиканы колдоо пакетин даярдап жатат. Бул үчүн миллиарддаган доллар жумшалат деп күтүлүүдө. Коронавирус өлкөнү рецессия коркунучуна кептеди. Мындай пландарды дагы премьер-министр Синдзо Абэ жарыялады.

Өлкөдө коронавирус жуктурган 3500 ашуун учур катталып, 85 киши көз жумду. Бирок жаңы учурлар тездик менен өсүүдө, өзгөчө Токиодо.

Японияда алгачкы вирус жуктурган киши январда катталган. Февралда эле премьер-министр Синдзо Абэ апрелге чейин мектептерди жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Азырынча коронавирус каттала элек алты гана райондо мектептер ачылды.

Жай айларында белгиленген Олимпиада оюндары да кийинки жылга жылдырылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.