Токиодогу Олимпиада оюндары жылдырылды

Окуялар тизмеги 24 Мар 2020 21:34
0 ой-пикир

Яниянын премьер-министри Синзо Абэ Эл аралык Олимпиада комитетинин башчы Томас Бах Токиодогу жайкы Олимп оюндарын бир жылга жылдырууга «макул болгонун» билдирди.

Белгилей кетсек, бир катар өлкөлөр коронавируска байланыштуу соңку кырдаалдан улам жайкы Олимп оюндарына катышуудан баш тарта башташкан.

Ушул айдын башында Эл аралык Олимпиада комитети «Олимп оюндарынын датасы башка күндөргө жылдырылбайт» деген чечим кабыл алган. Комитет бардык спортчуларды мелдештерге даярдана берүүгө, машыгууну токтотпоого чакырган.

Япония да буга чейин Олимп оюндарына олуттуу коркунуч жок экенин билдирип келген. Аны уюштуруп өткөрүүгө 12 миллиард доллардан ашык каражат жумшалган.

Олимп оюндары быйыл 24-июлдан 9-августка чейин өтүшү керек эле.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.