COVID-19: Казакстан кыргыз жарандарын чек арасынан өткөрбөй койду

Окуялар тизмеги 04 Апр 2020 13:06
0 ой-пикир

Россияда дагы 100гө жакын кыргыз жарандары ара жолдо калып кетишти. Анткени аларды Казакстан чек арасынан өткөрбөй койду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жүзгө жакын кыргызстандыктар орус-казак чек арасы ачылганга чейин Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарындагы мейманканаларга жайгаштырылган.

«Үч үй-бүлөгө Соль-Илецк шаарынын мусулмандар башкармалыгынын колдоо көрсөтсө, 15ке чукул айдоочу өз каалоосу менен автоунааларында калууда», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын жарандарын алып кетүү үчүн транзиттик жол уюштуруп берүү тууралуу өтүнүчүн коңшу өлкө четке каккан. Казакстан мунун себебин өлкө аймагына өзгөчө абал жарыяланганына жана оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштырган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекенине кайтып келе жатып чек арадан өтө албай калган жарандардын маселесин чечүүгө аракет кылып жатканын кабарлады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.