Өткөрмө баракчасы үчүн пара талап кылган милиция кармалды

Окуялар тизмеги 02 Апр 2020 11:15
0 ой-пикир

Кечээ, 1-апрелде Бишкек шаардык Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкери У.К. пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкери жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блок-постордон өткөрүүгө уруксат кагаздарын берүү үчүн пара талап кылган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б (Пара талап кылуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.