Алтынай Өмүрбекова жана министр Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулду

Окуялар тизмеги 01 Апр 2020 11:26
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулду.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эскерте кетсек, кечээ, 31-мартта Коопсуздук кеңеши премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө коронавирустун өлкөдө жайылышынын алдын албаганы үчүн чара көрүүнү сунуш кылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.