Коопсуздук кеңеши премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө чара көрүүнү сунуш кылды

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 20:25
0 ой-пикир

Бүгүн, 31-мартта президент Сооронбай Жээнбеков башчылыгынын астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

Жыйында коронавирустун алдын алуудагы кемчиликтери үчүн республикалык штаб менен Саламаттык сактоо министрлигинин иши сынга алынды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын көбөйүп жатышы алдын алуу иштеринин жетишсиз болгонунун жыйынтыгы экенин белгилеген. Президент Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине кайрылып, коронавирус жуккандар менен байланышта болгондорду өз убагында аныктабаганы үчүн катуу сынга алган.

Ошондой эле Жээнбеков өлкөдө өзгөчө абал киргизилген аймактардагы комендатуралардын иши боюнча нааразылык көп экенин белгилеген.

Натыйжада Коопсуздук кеңеши премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө коронавирустун өлкөдө жайылышынын алдын албаганы үчүн чара көрүүнү сунуш кылды. Сөз кайсы өкмөт жетекчилери жөнүндө болгонун президенттин басма сөз кызматы тактаган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.