Саламаттыкты сактоо министри президенттин катуу сынына кабылды

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 18:46
0 ой-пикир

Бүгүн, 31-мартта президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын чакан курамда өткөрдү.

Жыйындын күн тартибинде коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралды.

undefined

Сооронбай Жээнбеков өлкө аймагына илдеттин жайылышына кошумча фактор болуп берген, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгы үчүн республикалык штабдын ишмердүүлүгүн сынга алды.

Мамлекет башчысы лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө өз маалында даярдык болбогондугу, лабораториялардын медициналык техникалар менен жетиштүү жабдылбагандыгы жана тестирлөөгө керектөөчү материалдардын запасы жетишсиз даярдалгандыгы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн өзүнчө сынга алды.

Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып, январда сиз биздин лабораториялар даяр деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен, деди.

«Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чараларды көрүүсү зарыл болчу», — деди президент министрге кайрылып.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.