Эртең Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

Окуялар тизмеги 31 Мар 2020 15:53
0 ой-пикир

Эртең, 1-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлады. Азырынча кезексиз жыйындын күн тартиби белгисиз.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү кезексиз жыйынга чогулушкан. Отурумда Салык кодексине киргизилчү өзгөртүүлөр, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Инновациялык иш жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга киргизилчү өзгөртүүлөр жана «Валюталык инфляцияга жана коронавирустун жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кенешинин токтомунун долбоору каралып, тиешелүү чечимдер каралган.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 24-мартта кезексиз жыйынга чогулуп, президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн бир катар аймактарында өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыгын колдогон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.