Бүгүн, 30-март күнү пульмонолог, эпидемиолог жана реаниматолог дарыгерлер Ош жана Жалал-Абад облустарына жиберилет. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов 29-мартта брифингде билдирди.
«Азыр көрүп жатасыздар, өкөнүн түштүк тарабында абал оор болгондуктан, биз он беш чакты пульмонолог жана реаниматолог дарыгерлерди ошол жакка жиберип жатабыз. Адистер даяр» — деп белгиледи министрликтин өкүлү.
Буга чейин Бишкектен Жалал-Абаддагы ооруканаларга ыктыярчы дарыгерлер тобу барган. Алардын үчөө облустук клиникалык ооруканада, бешөө Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунда иштеп жатышат. Арасында ар кыл багыттагы тажрыйбалуу дарыгерлер жана медайымдар бар.
Кыргызстанда коронавируска кабылган 84 киши аныкталган.