Россия 30-марттан тарта чек арасын жабат

Окуялар тизмеги 29 Мар 2020 09:18
0 ой-пикир

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин өлкөнүн бардык чек араларын 30-марттан тарта жабууга буйрук берди. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, Россиянын чек арасындагы автожол, темир жол, жөө жана дарыя аркылуу өткөн кыймыл-аракеттин баары токтойт.

Дипломаттарга, мамлекеттик кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, поезддердин кызматкерлерине жана кемелердин экипаждарына бул чектөө таасир этпейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.