Коронавирус менен күрөшүү үчүн түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү

Окуялар тизмеги 28 Мар 2020 20:41
0 ой-пикир

Кыргыз өкмөтү тарабынан коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү чараларын каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн гуманитардык жардам жана акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Комиссия мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен, Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана жарандык сектор өкүлдөрүнөн турат.

Чечимге ылайык Финансы министрлигине коронавирус инфекциясынын жоюга багытталган иш-чараларды каржылоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачуу тапшырмасы берилди.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы №76-б буйругунун негизинде буга чейин ачылган Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруусундагы эсепке топтолгон каражат депозиттик эсепке толук көлөмдө которулат.

Акча каражаттарын ачык-айкын топтоо жана бөлүштүрүү максатында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT-штаб www.help.covid.kg онлайн ресурсун ишке киргизди. Анда келип түшкөн каражаттардын көлөмү жана алар кайсы иш-чараларга жумшалары реалдуу режимде көрсөтүлүп турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.