Коронавируска каршы түшкөн каражаттарды онлайн режиминде көз салса болот

Окуялар тизмеги 27 Мар 2020 19:54
0 ой-пикир

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT-штаб жарандар тарабынан жардам катары берилген акча каражаттарын ачык-айкын чогултуу үчүн www.help.covid.kg онлайн ресурсун ишке киргизди. Бул тууралуу республикалык штадан билдиришти.

«Ыктыярдуу түрдө акча берүүнү каалаган жарандар www.help.covid.kg ресурсу аркылуу акча которуу үчүн электрондук капчыгы, уюлдук же интернет банкинги бар болушу кажет. Иштелип чыккан ресурс келип түшкөн каражаттарды байкоого алууга жардам берет. Учурда келип түшкөн каражаттардын жалпы көлөмү 48,3 млн сомду түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жардам көрсөтүүнү каалаган юридикалык жактар банк аркылуу которо алат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.