Милицияга кол көтөргөн ЖКнын бөлүм башчысы иштен алынды

Окуялар тизмеги 27 Мар 2020 13:02
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Эрнест Молдошев кызматтан алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Молдошев 24-мартта кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган.

ЖКдан кошумчалашкандай, Молдошев чыр болгонго чейин эле иштеп бошотулган. Кайгуул милициясынын кызматкери менен Молдошевдин ортосундагы окуя 24нөн 25-мартка караган түнү болгон.

Укук коргоо органдарынын маалыматына таянсак, Эрнест Молдошев коменданттык саат учурунда Кайгуул милициясынын кызматкерине кол көтөргөн. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Молдошевдин мас абалда экендиги маалымдалат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.